Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Тотуяевдин Пакистан Ислам Республикасынын Жогорку билим берүү комиссиясынын төрагасы М.Ахмед менен жолугушуусу тууралуу

705

2024-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяевдин Пакистан Ислам Республикасынын Жогорку билим берүү комиссиясынын Төрагасы Мухтар Ахмед менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Элчи У.Тотуяев кыргыз тараптын билим берүү тармагында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, өз ара эки тараптуу негизде окутуунун инновациялык ыкмаларын киргизүүгө, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу үчүн чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары менен байланыштарды түзүүгө умтулгандыгын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү программалары боюнча тажрыйба алмашуу, студенттик жана академиялык алмашуу жана эки тараптуу делегациялардын өз ара иш сапарларын уюштуруу боюнча макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK