БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ооганстан боюнча жыйын өткөрдү

250

2023-жылдын 21-июнунда БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Афганистан боюнча жыйын өттү. Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева өз сөзүндө Кыргыз Республикасы Афганистандын тынч жана стабилдүү болушуна кызыкдар экенин, жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө жана афган элине жардам колун сунууга даяр экенин белгиледи. Мындан тышкары, Афганистандын экономикасын аймактык процесстерге интеграциялоонун, анын ичинде Афганистанстан аркылуу Түштүк Азия өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоо боюнча CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Жыйынга ошондой эле БУУнун Башкы катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү, БУУнун Афганистанга жардам көрсөтүү миссиясынын башчысы Роза Отунбаева катышып, Кеңештин мүчөлөрүнө ал өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK