Кыргыз Республикасынын делегациясы Нью-Йоркто БУУнун терроризмге каршы жумалыгынын алкагындагы иш-чараларга катышты

239

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасынын орун басары, КР УКМКнын АТБ Директору Айбек Шаменов жетектеген делегация Нью-Йоркто БУУнун терроризмге каршы жумалыгынын алкагындагы иш-чараларга катышты.

2023-жылдын 19–20-июнунда Айбек Шаменов терроризмге каршы күрөшүү боюнча жогорку деңгээлдеги конференцияга катышып, өз сөзүндө кыргыз тараптын терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттери тууралуу маалымат берди.

2023-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын делегациясы БУУнун алкагында иш-чара өткөрдү, анын жүрүшүндө 2022–2027-жылдарга терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Программасы сунушталды. Иш-чара Кения, БУУнун Терроризмге каршы башчылыгы менен биргеликте уюштурулган. Мындан тышкары ЕККУ, РЦПДЦА жана ПРООН тарабынан көрсөтүлгөн аралык өнөктөштөрдүн жана КР жарандык коомдун өкүлдөрү иш-чарага катышып сөз сүйлөштү.

2023-жылдын 22-июнунда Айбек Шаменов БУУнун Башкы ассамблеясынын пленардык сессиясында БУУнун Глобалдык антитеррордук стратегиясынын сегизинчи кароосу боюнча сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө терроризмге каршы күрөштө улуттук, аймактык жана эл аралык күч-аракеттерди бекемдөөгө багытталган уникалдуу глобалдуу документ болгон БУУнун терроризмге каршы глобалдык стратегиясын натыйжалуу ишке ашырууну Кыргызстан бүт бойдон колдой турганын белгиледи.

БУУнун терроризмге каршы жумалыгынын алкагында Айбек Шаменов ошондой эле БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУ Терроризмге каршы башчылыгы төрагасы Владимир Воронков, Контртерроризм комитетинин аткаруучу директору Наталья Герман, ошондой эле Кытай, Ирак жана АКШ антитеррордук агенттиктеринин жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү. Аталган жолугуушуларда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK