Нью-Йоркто БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги Саясий форуму өттү

258

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги Саясий форумдун министрлер сегментинде сөз сүйлөп, Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишкенин, Туруктуу өнүгүү боюнча 2023-жылга карата отчетуна ылайык, 166 мүчө-мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлегенин белгиледи. Бул натыйжаларга өлкөнүн акыркы жылдардагы ийгиликтүү экономикалык саясатынын аркасында жетишилгени белгиленди.

Кыргыз делегациясы өзгөчө көңүлдү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дүйнө коомчулугуна экологиялык маселелер боюнча, атап айтканда дүйнөдөгү экологиялык кырдаалды биргелешип жакшыртуу максатында тышкы карызды жашыл демилгелерге алмашуу боюнча сунушуна бурду.

Эл аралык платформада тоо күн тартибин илгерилетүү алкагында 2023-жылдын 19-июлунда БУУнун алкагында Кыргызстан “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча 2023-2027-жылдарга карата беш жылдык иш-аракеттерди” ишке ашыруу боюнча Тоо шериктештигинин катчылыгы менен биргеликте иштелип чыккан Глобалдык аракет планын сунуштады.

Мындан сырткары, Асеин Исаев БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, ПРООНдун Чыгыш Европа жана КМШ боюнча аймактык директору Ивана Живкович, ошондой эле Австрия, Андорра, Япония, Непал жана Италиянын жогорку өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, тоо күн тартибин биргелешип жылдыруу жана климаттын өзгөрүшү жаатында Мамлекет башчынын демилгесин ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK