Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин Башчысы, Элчи Пьер фон Аркс менен жолугушуусу болуп өттү

4269

2020-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин Башчысы, Элчи Пьер фон Аркс менен жолугушуусу болуп өттү.  

Жолугушунуун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун кызматташуусун өнүктүрүүнүн мындан аркы жолдорун, ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү  жана бир катар негизги социалдык-экономикалык милдеттерди чечүү аркылуу анын кесепеттерин жеңүү маселелерин талкуулашты.

Министр Р.Казакбаев Уюм тарабынан өлкөнүн өнүгүүсү үчүн көрсөтүлүп жаткан колдоонун ролун баса белгилеп, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн Программалык кеңсесинин башчысынын атынан  ЕККУга ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, министр Р.Казакбаев П.Фон Аркска Кыргыз Республикасындагы ички саясий кырдаал жана өлкө жетекчилиги пландаштырган мамлекеттик системанын негизги реформалары, ошондой эле коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштө элдешкис жана бекем позиция жөнүндө маалымат берди.

П.Фон Аркс жооп катары ЕККУнун Программалык кеңсеси кыргыз тарапты ар тараптуу маселелерде, тактап айтканда демократиялык институттарды өнүктүрүү жана коррупцияга каршы күрөшүү жаатында мындан ары да колдой берет деп ишендирди. Ошондой эле келерки жылы боло турган президенттик жана парламенттик шайлоону талкуулашты. Демократиялык, акыйкат, ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүнүн маанилүүлүгү жана ЕККУнун бул процессти колдоосунун маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун аягында тараптар кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү үчүн өз ара диалогду сактоого жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерине бири-бирин ишендиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK