Укуктук базасы

Кыргыз Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы келишим-укуктук негиз

  1. Кыргыз Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда дипломатиялык алакаларды түзүү тууралуу Биргелешкен Меморандум (Москва ш., 1996-ж., 1-август).
  2. Бириккен Араб Эмираттарынын Жарандык авиация Башкы башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация Департаментинин ортосундагы Кыргыз Республикасында катталган жана Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан/утилизация болгон жарандык аба кемелеринин коопсуздугун камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы жайгашкан уюмдарын камсыз кылуу тууралуу Генералдык макулдашуу (Дубай ш., 23-декабрь, 2003-жыл);
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Абу-Даби өнүктүрүү фондусунун ортосундагы «Бишкек-Торугарт автожолун калыбына келтирүү долбоору» боюнча насыялык Макулдашуу (Бишкек ш., 2012-жыл, 8-февраль);
  4. Кыргыз Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөттөрүнүн ортосунда инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө Макулдашуу (Дубай ш., 2014-жыл, 7-декабрь);
  5. Кыргыз Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөттөрүнүн ортосунда экономикалык кызматташуу жөнүндө Макулдашуу (Дубай ш., 2014-жыл, 7-декабрь).
  6. Кыргыз Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөттөрүнүн ортосунда кош салыктан качуу, кирешеге жана капиталга салык төлөөдөн баш тартууга жол бербөө жөнүндө Макулдашуу (Дубай ш., 2014-жыл, 7-декабрь);
  7. Кыргыз Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда жарандык жана коммерциялык иштер боюнча өз ара жардамдашуу жөнүндө Макулдашуу (Дубай ш., 2014-жыл, 7-декабрь);
  8. Кыргыз Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда кылмышкерлерди берүү жөнүндө Келишим (Дубай ш., 2014-жыл, 7-декабрь);
  9. Кыргыз Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда кылмыш иштери боюнча өз ара жардамдашуу жөнүндө Келишим (Дубай ш., 2014-жыл, 7-декабрь);
  10. Кыргыз Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөттөрүнүн ортосунда аба байланышы жөнүндө Макулдашуу (Дубай ш., 2014-жыл, 7-декабрь);
  11. Кыргыз Республикасынын жана Бириккен Араб Эмираттарынын ички иштер министрликтеринин ортосунда коопсуздук жаатында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум (Дубай ш., 2014-жыл, 7-декабрь);
  12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза талаптардан өз ара бошотуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум (Абу-Даби ш., 2017-жыл, 17-январь);
  13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Жаштар иштери жана спорт боюнча башкы башкармалыгынын ортосундагы Дене тарбия жана спорт жагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум (Абу-Даби ш., 2017-жыл, 17-январь);
  14. Кыргыз Республикасынын жана Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий консультациялар жөнүндө өз ара түшүнүшүү Меморандум (Бишкек ш., 2017-жыл, 24-май);