Консулдук каттоо

Абу-Даби эмиратында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын убактылуу консулдук каттоосу Кыргыз Республикасынын Абу-Даби шаарындагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнү тарабынан жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын «Тышкы миграция жөнүндө» Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен үч айдан ашык мөөнөткө чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары ошол бара жаткан мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемеде он беш күндүн ичинде катталышат.

Консулдук каттоодон өтүү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын мыйзам тарабынан корголгон, алардын укуктарын жана таламдарын коргоо, натыйжалуу консулдук кызматын уюштуруу максатында жүзөгө ашырылат. Консулдук каттоодон өтүү ар кандай консулдук маселелерди (паспорт алмаштыруу, жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорт жоголгон учурда мекенге кайтууга жарандарга жардам берүү үчүн, документтерин легалдаштыруу, күбөлүк берүү жана башка маселелерде көмөк көрсөтүү) мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз Республикасынын жарандары белгилүү бир мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан учурда, алар чет өлкөдө убактылуу тургундар катары каралат.

Бул категория Абу-Дабиде окуп жаткан студенттерди, эмгек контрактынын негизинде иштеп жүргөн жарандарды, даарыланып жүргөндөрдү, же туугандарына, жакындарына келгендерди камтыйт.

Убактылуу негизде консулдук каттоого коюу үчүн, Кыргыз Республикасынын жарандардан төмөнкү документтер талап кылынат:

1. Каттоо карточкасы (Элчиликте толтурулат);

2. БАЭнин визасын камтыган Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту (түп нускасы жана көчүрмөсү);

3. БАЭнин резидент ID картасынын көчүрмөсү;

4. Кыргыз Республикасынын ID паспортунун көчүрмөсү;

5. студенттик билеттин көчүрмөсү (студенттер үчүн);

6. Эки нускада сүрөт (3х4 көлөмү).

Документтер консул тарабынан текшерилгенден 11 дирхам өлчөмүндөгү консулдук төлөм төлөнөт. 16 жашка чейинки балдар жана 60тан өйдө жогорку курактагы жарандар - 5.5 дирхам.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын жарандары биометрикалык каттоодон өткөнү тууралуу (же Элчиликтен биометрикалык маалыматты тапшырса) тастыктоочу справканын негизинде консулдук төлөмдөн бошотулат.

Банк реквизиттери:

First Abu Dhabi Bank (Абу-Даби шаарында банктын каалаган бөлүмдөрүндө төлөй аласыз).

Эсеп номери: 1411003772008020

Алуучу: БАЭ Кыргыз Республикасынын Элчилиги.