Маданий-гуманитардык кызматташтык

2016-жылы "Лістапад" кинофестивалында кыргызстандык режиссердун «Атанын мурасы» аттуу фильми элдердердин ортосундагы маданий кызматташууну өнүктүргөнү жана бекемдегени үчүн КМШнын Аткаруу комитетинин «Чексиз кино» деп аталган атайын сыйлыгына, ошондой эле Минск шаарынын мэриясынын атайын сыйлыгына  ээ болгон.

Мындан тышкары, ушул эле эл аралык "Лістапад" кинофестивалында «Кинодогу гуманизм жана руханий азыгы үчүн» деп аталган Беларустун Президентинин атайын сыйлыгына режиссер Мирлан Абдыкалыков «Сүтак» фильми татыктуу болгон.

Минск шаарында өтө турган Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеӊишине арналган майрамдын алдында 1944-жылы Беларус өлкөсүнүн аймагында баатырдык менен каза болгон Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин элесине арналган эскерүүнү Элчилик менен Минск шаарынын Октябрь районунун администрациясы биргелешип жылына 5-майда өткөрүп турушат.

Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чынгыз Айтматовдун урматына жана анын 90 жылдык мааракесин өткөрүүгө карата бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Тактап айтканда, 2018-жылдын март айында Элчилик тарабынан Беларустун Улуттук көркөм музейинде Кыргызстандын сүрөтчүлөрүнүн Чынгыз Айтматовго арналган көргөзмөсү уюштурулду, ошондой эле жазуучунун  «Кылым карытар бир күн» китеби  беларус тилинде жарык көрдү.

2018-жылдын 6-апрелинде КМШ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин Кеӊешинин отуруму өтүп жатканда «Чынгыз Айтматов –Дипломат» деп аталган фото көргөзмө уюштурулган. Бул көргөзмө дүйнөгө белгилуу жазуучубуздун дипломатиялык ишмердүүлүгүнө арналган.

Көргөзмөгө коюлган сүрөттөр жана архивдик материалдар жазуучубуздун СССРдин, Россиянын Люксембургдагы, андан кийин Кыргызстандын Брюсселдеги элчиси болуп турган кездеги иштеринен кээ бир сүртүмдөрүн чагылдырат.

Аталган көргөзмөдө Айтматов өз колу менен жазган өмүр баяны, коллегаларынын, дипломаттардын жана белгилүү чет элдик маданият жана искусство ишмерлери менен түшкөн сүрөттөрү камтылган. Көргөзмөнүн дагы бир бөлүгү Ч.Айтматов тарабынан демилгеленген «Ысык-Көл форуму» дүйнөлүк интеллектуалдардын жолугушуусунан сүрөттөр көрүүчүлөргө коюлган.

2018-жылдын май айында Минск шаарынын депутаттарынын кеӊеншинин №49 чечими менен Минскидеги сейил бактардын бирине «Чынгыз Айтматов атындагы сейил бак» аталышы ыйгарылган.

Аталган сейил бактын аянты 19,6 га, анын ичинде 2,7 аянты сууну түзөт. Сейил бактын аталышы Минск шаарынын картасына киргизилди.

Кыргызстанда 2018-жылдын 2-сентябрынан 8-сентябрына чейин өтүп жаткан Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына Беларус өлкөсүнөн күрөш өнөрүнүн өкүлдөрү жана алдыӊкы ЖМКларынын өкүлдөрү катышып жатышат.