Саясий кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен Беларус Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1993-жылдын 21-январында түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Беларус Республикасынын Элчилиги 1995-жылы Минск шаарында ачылган. Ал эми Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги 1999-жылы Бишкек шаарында ачылган.

Кыргыз Республикасынын Беларус Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев 2015-жылдын 5-октябрында Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкого Ишеним катын тапшырган.

Беларус Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчко 2017-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Ишеним катын тапшырган.

Кыргыз Республикасынын Гродно шаарындагы Ардактуу консулу болуп Игорь Чивель эмгектенип жатат.

Саясий кызматташуу

Кыргызстан менен Беларус өлкөлөрү эгемендүүлүктү алгандан бери достук жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген констуктивдүү кызматташууга умтулуп келишет.

Эки өлкөнүн Президенттери жана Премьер-министрлери КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ сыяктуу интеграциялык органдардын жыйындарынын алкагында, ошондой эле беларус тарап байкоочу катары катышып жаткан ШКУнун алкагында  дайыма кезигишип, кызматташып турушат.

2006-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасы Президентинин Беларус Республикасына расмий иш сапары болгон. Беларус Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасына болгон жооп ирээтиндеги расмий иш сапары 2008-жылы уюштурулган.

2015-жылдан бери эки тараптуу мамилелерде жагымдуу тенденцияга багытталган туруктуу өнүгүү белгиленип келет, тактап айтканда саясий тармактарда байланыштар жанданып, Кыргызстан менен Беларустун эл аралык аянтчаларда кызматташуусу өнүгүп келе жатат.

Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-беларус өкмөттөр аралык комиссия түзүлгөн. Жети жылдык тыныгуудан кийин 2015-жылы Минск шаарында аталган комиссиянын бешинчи отуруму болуп өткөн. 2016-жылдын июнь айында Бишкекте, ал эми 2017-жылдын июнь айында Минскиде эки тараптуу комиссиянын алтынчы жана жетинчи отурумдары өткөрүлгөн.

Ушул жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Беларус Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда биринчи жолу саясий консультациялар болуп өттү.