Өлкө туралуу маалымат

Беларус Республикасы

Расмий аталышы: Беларус Республикасы.

Аянты: 207,6 миӊ. кв. км.

Борбору: Минск — 1 млн. 959,8 миӊ киши жашайт.

Географиялык абалы: Беларус аймагы боюнча Чыгыш Европада жайгашкан ири мамлекет. Орусия менен (чек араларынын жалпы узундугу -1056 км.) Украина менен (975 км), Польша менен (398,6 км), Литва менен (599,2 км) жана Латвия менен  (177,5 км.чектешет .

Административдик- аймактык бөлүнүүсү: Беларус алты регионго жана 118 районго бөлүнөт. Республикада  110 шаар бар, 101 шаар тибиндеги айыл, 24 022 айыл-кыштактары бар. Аймактык борборлору: Гомель, Могилев, Витебск, Гродно, Брест.

Калкы: Беларус Республикасынын калкынын саны 2018-жылдын башында 9 491.8 миӊ кишини түздү, анын ичинен 78,1% шаарларда жашашат.  Беларустун борбору - Минск шаарында - 1 982.4 миллион киши жашайт. – бул өлкөнүн калкынын бештен бир бөлүгү болуп эсептелет.

Улуттук курамы:  белорустар - 81,2%, орустар - 11,4%, поляктар - 3.94%, украиндер - 2,4%, жөөттөр - 0,3%.

Дини: динге сыйынгандардын  80% момун  христиандар болуп саналат. Рим-католик чиркөөсү момундардын 13% болсо, 5% протестанттар түзөт. Ошондой эле грек-католик, жөөт жана мусулман диндерине ишенгендер бар.

Мамлекеттик тилдери: белорус, орус.

Улуттук  валютасы: белорустук  рубль (BYN).

Мамлекеттик майрамы: Эгемендүүлүк күнү (Республика Күнү) 1997 –жылдын 3-июлунан бери белгиленет. Бул дата Минскини немецтик-фашистик баскынчылардан куткарган күн катары эсептелинет.

Жаратылыш шарттары: Климатты Атлантика деңиз абасынын олуттуу таасири (тез-тез циклондор менен) менен мелүүн континенттик болуп саналат. Январь айындагы температурасы - минус 8 градус, июлда - плюс 18 градус. Өлкөнүн көпчүлүгү  түздүктөрдөн турат.  Негизги дарыялар- Днепр, Западная Двина, Припять, Неман. Аймагында 11 миӊдей көлдөр бар. Жагымсыз экологиялык жагдай: аймагынын 20% Чернобылдагы кырсыктын натыйжасында булганган бойдон калууда (1986-жыл, апрель).

Беларус БУУ, КМШ, ЖККУ, ЕАЭБдин, Союздук мамлекеттин уюштуруу-мүчөсү, ошондой эле башка эле аралык бирикмелердин мүчөсү болуп эсептелет.

Коомдук-саясий система: Белоруссия- унитардык, демократиялык, укуктук мамлекет, башкаруу формасы  - президенттик республика. Беларустун президенти мыйзам күчүнө ээ болгон жарлыктарды жана буйруктарды чыгарат. 2015-жылдын 11-октябрында өткөн шайлоодо Александр Лукашенко  бешинчи мөөнөткө Президент болуп шайланган.

Эки палаталуу парламенти бар – Өкүлдөр палатасынан жана  Республикалык Кеӊештен турган Беларус Республикасынын Улуттук ассамблеясы. Өкүлдөр палатасынын 110 мүчөсү бар. Депутаттар тике шайлоо укугунун негизинде мажоритардык система менен шайланат. Республикалык Кеӊешке жергиликтүү Кеӊештер аркылуу - ар бир аймактан жана Минск шаарынан 8 ден мүчө шайланат. Кеӊештин 8 мүчөсү Президент тарабынан дайындалып, бардыгы болуп 64 адам шайланат. Улуттук жыйындын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 4 жыл. 

Аткаруу бийлиги: Өкмөтү тарабынан ишке ашырылат – Премьер-министр жетектеген Министрлер Кеӊеши (2018 – жылдын 18-августунан бери Сергей Румас эмгектенип жатат).

Сот аймактуулукка жана адистешүү принциптеринде түзүлөт. Мамлекеттеги нормативдик актылардын конституциялык экендигин көзөмөлдөө Конституциялык Сот аркылуу жүргүзүлөт. Президент тарабынан шайланган Конституциялык Соттун алты мүчөсү Республикалык Кеӊеш тарабынан 11 жылга шайланат.

Экономика: Беларус экономикасы коомдук багыттагы рынок моделинин негизинде жөндөлөт. Беларус экономиканын структурасы өнөр жай, транспорт, энергетика, тоо-кен, курулуш, айыл чарба жана банк секторлору, ошондой эле жеке сектордун бир аз үлүшүн мамлекеттик менчиктин үстөмдүгү менен мүнөздөлөт. Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү эске албаганада, борборлоштурулган бөлүштүрүү жана пландоо жок болуп эсептелет. Мамлекет коомго керектүү  маанилүү азык-түлүктөрдүн баасын жөнгө салат.

IT экспорттоо боюнча - Беларус калкты  тейлөө  боюнча КМШнын бардык өлкөлөрүнө салыштырмалуу алдыда турат. Жогорку технологиялар жаатында маанилүү тажрыйбаларды атап айтканда, оптикалык жана лазердик жабдуулар, автоматташтырылган башкаруу системасында тишелүү тажрыйбалары бар.

Өлкөдө энергетика, машина куруу, айыл чарба,  химиялык жана токой чарбасы, курулуш жана курулуш материалдарды даярдоо жана тоо-кен өндүрүшү өнүккөн.

Беларустун Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2018-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы ИДПнын 26 млрд.белорус акчасын түзгөн.

Негизги экспорт - мунайды жана мунай заттарын, калий жана азот жер семирткичтери, металлдан буюмдар, жүк ташуучу машиналар, тракторлор, шиналар, сүт жана эт азыктары, ошондой эле эмеректер болуп саналат.

Негизи импортту-  энергия (мунайдын жана газдын) түзөт, чийки заттар, жана ингредиенттер (металл жана алардан жасалган буюмдар, химиялык азыктар, машина бөлүктөрү үчүн чийки зат), технологиялык жабдуулар түзөт.

Негизги соода өнөктөштөрү: Беларус дүйнө жүзү боюнча 190 ашуун өлкө менен соода мамиледе турат. Беларустун негизги соода өнөктөшү Орусия, ал экспорттун 45,3% жана импорттун 57% ын  түзөт.

Беларус экспортунун 26,2% жана импорттун дээрлик бештен үчү Европа Биримдиги түзүү менен экинчи орунду камсыз кылат.  Беларус буюмдарын Евробиримдиктеги негизги импорттоочу өлкөлөр: Улуу Британия, Германия, Испания, Голландия, Испания, Италия, Белгия, Румыния, Германия, Италия, Чехия, Болгария. Мындан тышкары ЕАЭБдин бардык мүчө өлкөлөрүнө экспорттоо өстү: Кыргызстанга 3,6 эсеге, Казакстанга - 64%, Арменияга - 34%, Россияга - 21%. Латын Америкасындагы Венесуэла, Аргентина, Замбия, Азия регионуна, анын ичинде - БАЭ, Катар, Израил, Пакистан, Иран, Япония, Түштүк Корея жана Кытай сыяктуу өнөктөштөрү менен соода-экономикалык мамилелери динамикалуу өнүгүп жатат.

Айыл чарба багытындагы жерлери: 8927 га түзөт.

Айыл чарбасы  эгиндерди, картошка, жашылча, кант кызылчасы, зыгыр, эт жана сүт мал өстүрүүгө адистерилген.

Жаратылыш ресурстары: жыгач, чым, мунай зат жана жаратылыш газ, гранит, доломит, акиташ, топурак, кум аз запастары.

Экология: Чернобылдагы кырсыкка кабылган башка өлкөлөргө караганда Беларус көбүрөөк жапа чеккен. Бул кырсыктын  кесепетинен 1991-жылдын июлунда Беларус аймагы экологиялык кырсык зонасы деп жарыяланган.

Транспортная система: Железные дороги и автомобильный транспорт - главные виды транспортного сообщения в стране.

Транспорт системасы: темир жол жана автомобилдик транспорт жолдору - өлкөнүн транспорттук негизги байланыш түрлөрү болуп эсептелет.

Билим жана маданият. Беларусияда  Улуттук илимдер академиясы  бар, 45 мамлекеттик жана 10 жеке менчик жогорку окуу жайлары, кесиптик 219 мекеме жана 121 атайын орто билим берүү жайлары бар. Өлкөдө 27 театр, 6 филармония, 153 музейлери бар.

Беларустун куралдуу күчтөрү- жер күчтөрүнөн, аскердик аба күчтөрүнөн, абадан коргонуу күчтөрүнүн атайын күчтөрүнөн, аскердик-окуу жайларынан турат. Беларус ЖККУ нун мүчөсү болуп саналат.

Тышкы саясаты: Эл аралык аренада Беларус улуттук кызыкчыылктарына жооп берген  көп багыттуу тышкы саясатты жүргүзөт. Беларус дүйнөнүн 168 мамлекети менен дипломатиялык байланыштарды жүзөгө ашырат, анын ичинде  50 мамлекетте  элчиликтери жана өкүлчүлүктөрү ачылган, анын 48си- элчиликтер, 2- туруктуу эл аралык уюмдардагы миссия,7 башкы консулдуктар жана бир консулдук.  Чет өлкөлөрдө  беларус элчиликтеринин 13 бөлүмдөрү  иштейт.

Жалпыга маалымдоо каражаттары: Беларус  Республикасында  700 гезит жана 800 журнал чыгарылат . Алардын ичинен ирилери  (мамлекеттик) - газета "Советская  Беларусия - Беларус Бүгүн" (тиражы - 400 миӊ экз.), "Народная газета", "Республика", "Звезда", "Белоруская Нива". \

Мындан тышкары мамлекеттик эмес басылмалар - "Народная Воля", "Новины", "Белорусская  газета", "Свободные новости" жана башкалар.

Мамлекеттик беш сыналгы каналдары бар: "Беларус 1", Беларус 2", "Беларус 3", "Беларус 4", "Беларус 5", ошондой эле  «Жалпы улуттук телевидение" жана «Борбордук телевидение» иштейт.  "Беларус-24" спутник теле каналы иштейт, бирок жарым-жартылай (жаңылык программалары жок) берилет. Орус телеканалдарынан - ОРТ, РТР, НТВ, СТВ, РенТВ дагы аймакта көрсөтөт.

Расмий мамлекеттик маалымат агенттиги болуп Беларус телеграфтык  агенттиги ("БелТА») болсо, анын  негизги атаандашы болуп Беларус көз карандысыз маалымат агенттиги "БелаПАН" болуп эсептелет. «Интерфакс» "ТАСС", "Россия сегодня» ж.б. өкүлчүлүктөрү  жана бир катар чет өлкөлүк маалымат агенттиктери өлкөнүн аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт.