2018-жылдын 10-декабрында Минскидеги Белорусиялык Достук жана чет өлкөлөр менен маданий байланышу Үйүндө Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган адабий кече болуп өттү.

8043

2018-жылдын 10-декабрында Минскидеги Белорусиялык Достук жана чет өлкөлөр менен маданий байланышу Үйүндө Ч.Айтмвтовдун 90 жылдыгына арналган адабий кече болуп өттү.

Иш-чарага Белорусиянын министрликтери менен мекемелеринин өкүлдөрү,  Минскидеги чет өлкөлүк элчиликтердин башчылары, Евразиялык экономикалык Соттун өкүлдөрү,  «Беларусь-Кыргызстан» достук коомунун өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенция, маданий ишмерлер жана ЖМКнын өкүлдөрү, ошондой эле Белорусиянын Жогорку окуу жайларынын студенттери катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Белорусиянын Маданият министринин биринчи орун басары Наталья Корчевская Айтматовдун чыгармачылыгы жана анын кыргыз жана советтик адбияттагы орду тууралуу сөз сүйлөдү. Булардан тышкары, «Белорус-Кыргызстан» достук коомунун Төрагасы Николай Чергинец жазуучунун өмүрү жана  чыгармачылыгы тууралуу ойлору менен бөлүшүштү.

Мындан тышкары, Германия Федеративдүү Республикасынынын Белорусияда элчиси Петер Деттмар мырза, Түркия Республикасынын Белорусияда элчиси Кезбан Дарама айым, ошондой  эхле жогорку окуу жайлардын студенттери Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү окуп, жазуучунун чыгармалары боюнча тартылган фильмдерден үзүндү көрсөтүү менен конокторго тартуулашты.

Кыргыз Республикасынын Белорус Респубьликасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу  элчиси Кубанычбек Омуралиев өз сөзүндө Айтматовду  улуу ойчул жазуучу катары белгилеп, адамдын касиети жана руханий дүйнөсү  тууралуу жаӊы идеяларды адабиятка киргизген, мыкты сүрөткер экенин чогулгандарга айтып берди.

Адабий кеченин конокторуна «Айтматов-дипломат» деп аталган фильм жана анын чыгармалары боюнча тартылган кинофильмдерден үзүндү көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK