Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин жаркын элесине арналган миниг-реквием өттү

4212

2019-жылдын 3-майында, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик Жеӊиштин 74 жылдык мааракесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Белорус Респубикасындагы Элчилиги менен Минск шаарынын Октябрь районунун администрациясы  биргелешип  уюштурган Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин жаркын элесине арналган миниг-реквием өттү.

Митинг-реквиемге Минск ш. Октярбь районунун ветерандары, Белорус Республикасындагы чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү, КМШга мүчө-мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү, КМШнын Аткаруу комитетинин жетекчилиги жана өкүлдөрү, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана окуучулар катышышты.

Аталган митинг-реквием ардактуу кароолдун, солюттук топтун жана Минск аскердик комендатурасынын оркестири менен коштолуп, чыгармачыл топтордун  концерттик программалары менен өттү. Аягында, Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл-чамбар коюу аземи болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү  Айымкан Кулукеева жана Минск шаарынын Октябрь районунун Администрациясынын башчысы Геннадий Люботынский ветерандарды майрамы менен куттукташты.

А.Кулукеева өз сөзүндө, «согушта каза болгондордун, фронтовиктер менен тылдын күжүрмөндөрүнүн  тарыхый эрдиктерин эскерүү Кыргызстан менен Белорус элдерин бириктирип турат. Биздин жалпыбыздын  милдетибиз Улуу Жеӊиш кандай баа менен келгенин эскерип жана ал жеӊишке аяр мамиле кылууну жаш муундарга үйрөтүү»,- деп белгиледи.

Өз кезегинде, Геннадий Люботынский немистик баскынчылар менен күрөшүүдө өз өмүрлөрүн берген советтик адамдарды эскерүү бүгүнкү митингдин максаты экендигин айтып, «Жумаш Асаналиевдин образы  биримдиктин жана ынтымактын, чыныгы патриоттук менен Мекенди сүйүүнүн символу»,- деп белгиледи.

  • Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин жаркын элесине арналган миниг-реквием өттү
  • Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин жаркын элесине арналган миниг-реквием өттү
  • Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин жаркын элесине арналган миниг-реквием өттү
  • Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин жаркын элесине арналган миниг-реквием өттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK