Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Султанбаевдин Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы С.Алейник менен жолугушту

203

Бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрбол Султанбаев Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Сергей Алейник менен жолугушту.

Жолугушууда элчи тышкы иштер министрине ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Тараптар Кыргызстан менен Беларустун биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн арттыруунун багыттары жана келечеги боюнча пикир алышты.

Эки тараптуу деңгээлде да, көп тараптуу платформалардын алкагында да бардык багыттар боюнча кыргыз-беларусь кызматташтыгынын жогорку деңгээли белгиленди.

Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо жана кеңейтүү зарылчылыгына, анын ичинде Өкмөттөр аралык комиссиянын 11-жыйынында талкууланган конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу жагына өзгөчө басым жасалды.

Тараптар достуктун жана өз ара колдоонун негизиндеги ар тараптуу кыргыз-беларус байланыштарын тереңдетүү эки өлкөнүн түпкү кызыкчылыктарына жооп берерине бекем ишенимдерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK