Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Беларусь Республикасынын жараны Л.Хвойницкаяга «Достук» орденин тапшырды

165

Описание: 🇰🇬Описание: 🇧🇾Бүгүн, 23-ноябрда Минск шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Минск шаарынын Октябрь районундагы Педагогикалык эмгектин ардагерлер кеңешинин төрагасы Любовь Хвойницкаяга “Достук” орденин тапшырды. Орден Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Белоруссияны бошоткон кыргызстандык жоокерлердин элесин сактоого кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

1944-жылы Беларусту фашисттик баскынчылардан бошотууда «Багратион» операциясынын жүрүшүндө баатырларча курман болгон Советтер Союзунун Баатыры – кыргызстандык Жумаш Асаналиевдин эрдигин түбөлүккө калтыруу ишмердүүлүгү үчүн Жээнбек Кулубаев Любовь Хвойницкаяга Мамлекет башчынын ыраазычылык сөзүн айтты.

Описание: 🔹Л.Хвойницкаянын активдүү катышуусу менен Минск шаарынын Октябрь районунда жыл сайын Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын элесин эскерүү боюнча ар кандай иш-чаралар менен бирге, Жеңиш майрамынын алдында Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигинин алдында митинг-реквием өткөрүлүүдө, быйылкы жылы №11 орто мектепке Ж.Асаналиевдин ысымы ыйгарылган, 23-февралдан 3-июлга чейин Минск шаарынын Октябрь районундагы мектеп окуучулары тарабынан Ж.Асаналиевдин эстелигинин алдында жума сайын эстутум сааты уюштурулууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK