Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчиси, КМШнын уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу Өкүлү Э.Султанбаев КМШнын Башкы катчысынын биринчи орун басары Л.Анфимов менен жолугушту

208

2023-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында КМШнын Аткаруу комитетинде Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчиси, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу Өкүлү Эрбол Султанбаев КМШнын Башкы катчысынын биринчи орун басары Леонид Анфимов менен жолугушуусу болуп өттү.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективалары боюнча мазмундуу пикир алмашуу болду.

Тараптар Шериктештикке Кыргызстандын төрагалыгынын артыкчылыктарын ишке ашыруунун жүрүшүн, Кыргыз Республикасынын КМШнын Аткаруу комитети менен өз ара аракеттенүүсүн жана Кыргызстандын Шериктештик форматындагы интеграциялык процесстерге катышуусун талкуулашты.

Тактап айтканда, ушул жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын КМШдагы Туруктуу Өкүлү Эрбол Султанбаевдин төрагалыгында өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу Өкүлдөрүнүн кезектеги жыйынынын күн тартиби тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлдү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK