КМШга мүчө-мамлекеттердин Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Кеңешинин отуруму болуп өттү

165

Минск шаарында КМШнын Аткаруу комитетинде 2023-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын КМШнын уставдык органдарындагы Туруктуу өкүлү Эрбол Султанбаевдин төрагалыгы алдында Шериктештикке мүчө-мамлекеттердин КМШнын уставдык органдарындагы жана башка органдарынын алдындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Кеңешинин отуруму болуп өттү.

Жолугушууда КМШ алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле КМШнын Туруктуу өкүлдөр кеңешинин кезектеги жыйынын үстүбүздөгү жылдын 13-декабрында өткөрүү жана Кыргызстандын туруктуу өкүлү Эрбол Султанбаевдин «Кыргыз Республикасынын КМШга 2023-жылдагы төрагалыгынын жыйынтыктары жөнүндө» маалыматын угуу чечими кабыл алынды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK