Элчи Э.Султанбаев Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары И.Назарук менен жолугушту
5-декабрда Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Игорь Назарук менен жолугушту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кыргыз-беларус мамилелери достук жана өнөктөштүк маанайында алдыга карай өнүгүп жатканын белгилешти.
Тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы мамилелердин кеңири спектрин талкуулашты. Жолугушууда соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө жана өнөр жай жана айыл чарба тармагында биргелешкен кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.