Минск шаарында элчилер менен дипломаттардын аялдары “Жакшылыктын дарагы” кайрымдуулук жарманкесин өткөрүштү

203

Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилиги Элчилер менен дипломаттардын аялдарынын Минск эл аралык клубу тарабынан уюштурулган салттуу кайрымдуулук жарманкесине катышты. Жарманкеге кыргыз элинин улуттук буюмдары, сувенирлери жана башка ата мекендик өндүрүш продукциялары, улуттук кондитердик азыктар, тамак-аштар жана улуттук кийимдер коюлду.

Жарманкенин катышуучулары элчиликтин кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан даярдалган улуттук тамак-аштардан даам татышты, ошондой эле өлкөнүн кооз жерлери тууралуу таратылган буклеттер аркылуу өлкөнүн маданияты жана каада-салты менен кеңири тааныша алышты.

Кайрымдуулук максатында чогулган бардык каражаттар Элчилердин жана дипломаттардын аялдарынын Минск эл аралык аялдар клубуна которулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK