Кыргызстандын Беларустагы Элчиси Эрбол Султанбаев “JENTY” эл аралык транспорттук-логистикалык компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту

207

Минск шаарында Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев JENTY эл аралык ири транспорттук-логистикалык компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар транспорт-логистика тармагында биргелешкен кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Компаниянын жетекчилигинин маалыматына ылайык, “JENTY” өзүнүн чоң автопаркына ээ жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө өкүлчүлүктөрү бар экенин билдиришти.

Компаниянын өкүлдөрү Кыргызстандын рыногуна өз ишин жылдырууга кызыкдар экенин жана биргелешкен ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын изилдөө үчүн жакынкы аралыкта өлкөгө келүү ниетин билдиришти.

Маалымат үчүн: Эл аралык “JENTY” компаниясы 1996-жылдан бери иштейт. Компаниянын унаалары (1000ден ашык) Европа, Азия, анын ичинде КМШ өлкөлөрү сыяктуу багыттарда иштей. Компания Эл аралык соода палатасында, Эл аралык аба транспорту ассоциациясында, Эл аралык темир жол союзунда, Эл аралык автотранспорт союзунда, Эл аралык бажы уюмунда жана Дүйнөлүк соода уюмунда экспедиция тармагынын өкүлү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK