Кыргызстандын Беларустагы Элчиси Эрбол Султанбаев Минск мамлекеттик лингвистикалык университетинин ректору Наталья Лаптева менен жолугушту

177

Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев Минск мамлекеттик лингвистикалык университетинин ректору Наталья Евгеньевна Лаптева менен жолугушту.

Тараптардын ортосунда университтер аралык деңгээлде билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Элчи Эрбол Султанбаев 2021-жылы ММУ менен К.Карасаев атындагы БМУнун ортосунда кол коюлган кызматташуу меморандумунун алкагында билим берүү программалары боюнча университеттер ортосундагы ишти активдештирүүнү сунуштады.

Ошондой эле студенттердин бакалавриат жана магистратурада билим алуусун уюштуруу, университеттин профессордук-окутуучулар курамынын тажрыйба алмашуусун уюштуруу боюнча тыгыз кызматташууну тереңдетүү сунушталды.

Өз кезегинде ректор Наталья Лаптева да Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин жана каралган маселелер боюнча иш алып барууга даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK