КМШнын Аткаруу комитети Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин тарыхы жөнүндө айтылды

165

Ушул жылдын 19-мартында Кыргызстандын Беларустагы Элчиси Эрбол Султанбаев КМШга мүчө-мамлекеттердин Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кеңешинин жана КМШнын Экономикалык маселелер боюнча комиссиясынын биргелешкен жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата маалымат берди.

Эрбол Султанбаев өз сөзүндө кыргыз дипломатиясынын тарыхы байыркы доорлордон башталып, азыркы этап 1944-жылдын 17-мартында Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Кыргыз ССРинин Тышкы иштер Элдик комиссариатын түзүү боюнча мыйзамы кабыл алынгандан кийин башталарын белгиледи.

Кыргызстандын Элчиси ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетине, КМШга мүчө-мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүнө жана бардык катышып жаткан кесиптештерине Кыргыз Республикасынын тышкы саясат кызматына көрсөткөн жардамы жана жигердүү колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK