Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрмек Ибраимов ишеним грамотанын көчүрмөсүн тапшырды

6985

2019-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрмек Ибраимов Белорус Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Евгений Шестаковго ишеним грамотанын көчүрмөсүн тапшырды.

Жолугушуу учурунда тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечеги жонундо маек тузушту. Тараптар саясий жана соода-экономикалык кызматтыгын мындан дагы арттыруу зарылчылыгы тууралуу макулдашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Элчи Э.Ибраимов озунун миссиясынын жүрүшүндө кыргыз-беларус мамилелерин мындан ары да бекемдөө үчүн бардык аракеттерди кылары боюнча Беларус тарабын ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK