2018-жылдын 6-сентябрында Минск шаарында Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

4336

2018-жылдын 6-сентябрында Минск шаарында Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын  Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Бул иш-чарага Белорус Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, жетекчилери жана чет мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын, КМШнын Аткаруу комитетинин башчылары жана өкүлдөрү, Белорустун региондорунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, Кыргыз Республикасынын студенттери, ошондой эле жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Белорустун Тышкы иштер министрлигинин атынан Министрдин биринчи орун басары Андрей Евдоченко катышты.

Элчи Kубанычбек Өмүралиев  өз сөзүндө чогулгандары салаттанаттуу күн менен куттуктап, «бардык кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстан демократиялык өнүгүүнүн уникалдуу жана кайталангыс жолун өзү тандап алды» деп белгиледи. Ошону менен катар Кыргызстандан өтүп жаткан Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын маданияттар аралык диалогго, коомдук биримдик, тынчтык жана өнүгүүгө кошкон салымын белгиледи.

Ошону менен катар, элчи К.Өмүралиев улуу жазуучубуздун атын түбөлүккө калтыруу максатында Минскидеги сейил бактардын бирин "Чыӊгыз Айтматовго" ыйгарганына, «Кылым карытаарлык бир күн» китебинин белорус тилинде басылып чыкканына, ошондой эле жазуучунун 90 жылдык мааракесинин урматына Белорусияда өткөн жана жылдын аягына чейин өтө турган иш-чаралар үчүн белорус тарапка ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде, белорус тараптын өкүлү – Белорустун Айыл чарба жана азык-түлүк министри, кыргыз-белорус өкмөттөр аралык комиссиясынын теӊ төрагасы Леонид Заяц Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, акыркы убактардагы кыргыз-белорус сүйлөшүүлөрүндөгү, ошону менен катар эки тараптуу комиссиянын ишиндеги оӊ динамикалуу жылыштарды белгилеп айтып өттү.

Иш-чарага катышкан коноктордун көӊүлүнө «Айтматов-дипломат" жана "Үчүнчү дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары" аталышындагы сүрөт көргөзмөсү сунушталды, кол өнөрчүлүк буюмдардын көргөзмөсү уюштурулуп, Кыргызстандын тарыхы, маданияты, поэзия, көркөм адабияттары көргөзмөгө коюлду, ошондой эле Кыргызстан тууралуу видеофильмдер көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK