Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Кыргыз Республикасы менен Белорус Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзү

9512

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек  Өмүралиевдин Кыргыз Республикасы менен Белорус Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзү

Урматтуу коллегалар жана достор!

Урматтуу айымдар жана мырзалар! 

25 жыл мурд,а 21-январда Кыргыз Республикасы менен Белорус Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөн. Буга байланыштуу бардыгыӊыздарды мааракелик дата менен куттуктоого уруксат этиӊиздер.

Тарых үчүн, ошондой эле Кыргызстан менен Белорусиянын көпчүлүк жарандары үчүн бул жетишерлик протоколдук сан, себеп дегенде чейрек кылымга караганда биздин өлкөлөрдүн жана элдердин мамилеси абдан эле тереӊ жана узакка кеткен.

Ошол эле убакта 25 жыл – бул эки тараптуу өз ара кызматташууга бай, кээде татаал, бирок  маанилүү, белгилүү бир убакыт болуп саналат.

Биздин элдердин ортосундагы мамиле тарыхый жалпылыктын жана достуктун жагымдуу салттарына таянат. Биздин элдер Улуу Ата Мекендик согушта биздин жерлердин жана элдердин көз карандысыздыгын биргеликте коргошкон.

Советтер Союзу кулап, көз карандысыз мамлекеттер катары жашап келаткан мезгилге көз чаптырсак, биздин адамдар ага чейинки калыптанган, бүгүнкү көз карандысыз элдердин түпкү кызыкчылыгына жооп берген мамилелердин кыскарышы кесепеттүү экенин эӊ биринчилерден болуп түшүнүштү.

Жалпы алганда Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгынын (КМШ) мейкиндигинде башка өлкөлөр менен интеграцияга умтулуунун кеӊири географиялык планда колго алынып кетишинин себептери да ушул.

Биздин жалпы коргонуу милдеттерибиз бар. Кыргыз Республиксы менен Белорус Республикалары мүчөсү болуп саналган ЖККУнун алкагында биздин өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыздаган, бириккен куралдуу күчтөрүбүз бар. 

Биз бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Белорусия өнөктөштүгүн тереӊдетүү багытында тандап алган жолдорубуз жемишин берип жатат деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. Биздин Евразия экономикалык биримдигине катышуубуз, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди. Кыргызстан менен Белорус ЕАЭБге кирүү менен, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча товар айлантуунун 3,5 эсеге көтөрө алды. ЕАЭБ өнөр жай кооперациясына да эшигин кенен ачты, башкача айтканда 2016-жылы Бишкекте МТЗ белорус тракторлорун жыйнап чыгаруучу өндүрүшү ишке кирди.

Маданий-гуманитардык жаатындагы иштерге да токтоло кетпесем болбос. Кыргызстанда жана Белорусияда эки өлкөнүн чыгармачыл жамааттары катышкан фестивалдар туруктуу өтүп турат, коомдук кыймылдар бир-бирине менен катташып, бүгүнкү заманда эӊ маанилүү болуп турган бир-бири менен адамдык байланышты арттырып келишүүдө.  Алып айтсак, эгемендик мезгилинен бери СССРдин Баатыры Жумаш Асаналиевге Минскиде эстелик коюлду. Быйылкы жылы болсо белорус коомчулугу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилегени жатышат.

Ошондой эле Белорус элинин салты боюнча ушул жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө өтө турган Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышуу үчүн өздөрүнүн өкүлдөрүн жөнөтөт деген ишенимдемин.

Бул акыркы 25 жылдын ичиндеги биздин мамилелерди мүнөздөгөн айрым гана учурлар, бул өӊүттө тизмени уланта берсе болоор эле.

Кээде эки тараптуу мамилелерде, албетте көйгөйлөр жана кыйынчылыктар келип чыгышы мүмкүн эмеспи. Бирок эӊ башкысы, алар ачык, айрым учурда эмоцияга, кызуу кандуулукка алдырган, бирок негизги жыйынтыкка келүүгө багытталган  ачык-айкын диолог аркылуу чечиле тургандыгын түшүнүү бар.

Биз кээде ортобуздагы мамилелерде сүйлөшүүлөр токтой калгандыгынан трагедия жасабайбыз. Башкысы- биз, бул тууралуу аныгында эле тарых тастыктап келгендей, тигил же бул талаш-тартыш маселелерди дайыма чечип келебиз.

 Ишенем, биргелешкен күч аракетибиз менен биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты бардык багытта өнүктүрүп кете алабыз. Учурдан пайдаланып Белорусиянын дос элине тынчтыкты жана бакыбатчылыкты каалайм.  

Биздин чакырганбызга үн кошуп келип бергендерге ыраазычылык  билдирем. Ошондой эле Достук Үйүнүн жамаатына, иш-чараны уюштурууга катышкандарга дагы ыраазчылык айтамын.

Көӊүл бурганыӊыздар үчүн чоӊ рахмат!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK