Кыргыз Республикасынын Беларус Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата расмий иш-чарада сүйлөгөн сөзү

8495

Кыргыз Республикасынын Беларус Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата расмий иш-чарада сүйлөгөн сөзү

Минск ш. «Ренессанс» мейманканасы, 2016-жылдын 6-сентябры.

Урматтуу мекендештер!

Паважаныя сябры, калегi!

Excellency’s

Урматтуу коноктор, айымдар жана мырзалар!

Биз бул күндөрү өлкөбүздүн башкы майрамы жана жыл ичиндеги эӊ башкы окуя – Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгын белгилеп жатабыз.

Чейрек кылым мурда  - 1991-жылдын августунда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеӊешинин кезексиз сессиясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларациясы” кабыл алынып, ага ылайык биздин өлкө көз карандысыз, эгемендүү, демократиялык жана светтик өлкө катары жарыяланган.

Бул тарыхый күн болгон! Эгемендикти эӊсеген биздин мамлекетибиздин көп кылымдардан берки көксөөсү жүзөгө ашкан доор тарыхынын аякташы болчу. Дүйнөдөгү  эӊ байыркы этностордун бири катары, биздин элибиздин тарыхы, кезегинде Кыргыз каганаты болуп дүӊгүрөп турганын, кийин Россия империясында жана Кокон хандыгынын тушунда оор күндөрдү өткөргөндүгүн эсинде  сактап келет.

Бул тарыхый учурларды айтуу менен бирге, Кыргызстанда Совет мезгилинин өтө маанилүү болгондугун да белгилеп коюбуз абзел. Өткөн 25 жылдын аралыгында Кыргызстан оор күндөрдү баштан өткөрүп, көптөгөн кыйынчылыктарды багындырды жана эркин, демократиялык өлкө катары дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн ордун таба алды.

Кыргызстан – минералдык-чийки заттар ресурсу жагынан  анчалык бай эмес чакан өлкө, андыктан бизге өзүбүздүн өнөктөштөрүбүздөн саал алдыраак жүрүүгө туура келет. Биз пост-советтик өлкөлөрдүн арасынан биринчи болуп улуттук валютабызды киргиздик, ВТОго биринчи болуп өттүк, жерге жеке менчикти киргиздик жана экономикада башка да реформаларды жүргүздүк. Жыйынтыгында–азыркы учурда өлкө рынок экономикасынын мыйзамдары менен жашап жатат.

Кыргызстандагы акыркы мезгилде болуп өткөн өзгөрүүлөр өлкөнүн өзүнүн өнүгүү моделинин жолунда ишенимдүүлүк менен алдыга жылып баратканын аныктайт. Бүгүнкү күндөгү милдет заманбап укуктук демократиянын эӊ алдыӊкы жетишкендиктери менен биздин элибиздин каада-салтын гармониялуу айкалыштырып алып кетүүдө турат.

Бул күндөрү Кыргызстандын бермети болгон – Ысык-Көлдүн жээгинде Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөрүлүп, ага 62 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Көчмөндөр оюнунун негизги идеясы – элдерди жана маданиятты жакындатуу. Ал эми көчмөндөр үчүн, бул майрам өзүнүн башатына кайрылуу, жаӊы муунга жана бүткүл дүйнөгө көчмөндөрдүн тереӊ маданиятын көргөзүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле көчмөндөрдүн байыркы каада-салтына, али кол тийбеген жаратылышына сүӊгүп кирүү болуп саналат.

Ошондуктан программага бир гана спорттук мелдештер эмес, көчмөндөрдүн философиясы, искусствосу, каада-салты, жашоо образы, тиричилиги менен таанышуу дагы киргизилген.

Өлкө көз карандысыздыктын биринчи жыйырма жылдыгында кетирилген каталардан оор сабак алды. Бир катар комплекстүү чараларды көрүүнүн  натыйжасында Кыргызстан туруктуулук жолуна түштү жана дүйнөгө курч коомдук-саясий кризистен чыгуунун уникалдуу жолун көрсөттү.  Эл аралык уюмдар жарандарыбыздын бакыбатчылыгы артканын белгилеп жатышат, ал эми 2014-жылдан баштап дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанды жакыр өлкөлөрдүн катарында деп эсептебей калышты.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Кыргыз Республикасы көз карандысыздыгын жарыялаган күндөн бери 25 жыл өттү. Бул мезгилдин аралыгында республиканын турмушунда көптөгөн окуялар болуп өттү, жакшысы да болду жаманы да болду. Ага карабастан акыркы жылдарда республикада болуп өткөн өзгөрүүлөр тастыктап тургандай – өлкө өзүнүн демократиядагы жолу менен алдыга баратат.

Республиканын жетекчилиги тарабынан коомдогу саясий теӊ салмактуулукту жана туруктуулукту камсыздоо, экономиканын ар түрдүү тармактарын өнүктүрүү, социалдык мүнөздөгү маселелерди чечүү иштери жүргүзүүдө.

Көз карандысыздыкка ээ болгон күндөн тартып, Кыргыз Республикасынын тышкы саясаттагы багыты бардык мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана орнотууга багытталган, анын ичинде БУУнун, эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагындагы иштерге активдүү катышып келүүдө.

Өз кезегинде, Кыргызстандын тарыхына болгон окуялар дүйнөлүк коомчулуктун кызыгуусу артууда. Мисалы, дүйнөдөгү эӊ чоӊ кыргыздын баатырдык “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы, өлкөнүн түштүк борбору- Ош шаарынын 3000 миӊ жылдыгы, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы эл аралык деӊгээлде кеӊири белгиленди. Оштогу ыйык Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине киргизилди.  2016-2018-жылдары Кыргызстан БУУнун адам укугу боюнча Кеӊешинин мүчөсү болуп саналат.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Республика азыр ЕАЭБдин алкагында динамикалуу өнүгүп баратат, бул өз кезегинде Беларусь Республикасы менен эки тараптуу байланыштын өнүгүүсүнө жагымдуу таасир тийгизүүдө. Акыркы жылдарда кыргыз-беларус соода-экономикалык мамилелеринде активдешүү тенденциясы байкалууда.

Биз Кыргызстан түз инвестициялардын келишине абдан кызыкдарбыз. Инвестиция салымдары үчүн келечектүү багыттарга: гидроэнергетика, тоо кендери жана өнөр жайы кайра иштетүү ишканалары, жеӊил өнөр жайы жана экономиканын башка секторлору кирет.

Беларус КМШ өлкөлөрүнүн ичинен, товар айлантуунун көлөмү боюнча Кыргызстандын алдыӊкы орундагы өнөктөшү болуп саналат. 2016-жылдын июнь айында Бишкек шаарында соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын алтынчы жыйыны болуп өттү. Анда соода-экономикалык, маданий, билим берүү жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын кеӊири спектрдеги маселелери талкууланды.

Бүгүн өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жыйынтыктап жатып, белгилей кетүүчү нерсе, биздин өлкөлөрдүн мындан ары өсүп-өнүгүүсүнүн кызыкчылыгында, кеӊири пландагы кызматташтыкты кеӊейте берүүнү дагы бир жолу бекемдедик. Кыргызстан, мурдагыдай эле Беларусия менен болгон достугубуздагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар тараптан өнүктүрүп, аны жаӊы бийиктикке көтөрүү ниетиндебиз.

Майрамыӊыздар менен мекендештер жана достор! Сиздерге бакубатчылык, дүйнөгө тынчтык жана бардыгыӊыздарга ийгиликтерди каалайм!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK