Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин элесине арналган эскерүү митингинде Элчи К.Өмүралиевдин сүйлөгөн сөзү

10159

Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин элесине арналган эскерүү митингинде Элчи К.Өмүралиевдин сүйлөгөн сөзү

Урматтуу ветерандар!

Урматтуу минскиликтер жана мекендештер!

Урматтуу коллегалар!

Ушул күндөрү Мекенибиздин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн фашизмди жеӊүү үчүн баатырдык менен күрөшкөндөрдү өзгөчө ыраазычылык жана сыймык менен эстеп отурабыз.

Жеӊиш Күнүн жакындатууга жардамын аябаган фронтовиктер менен тылдын эмгекчилеринин тарых алдындагы эрдиктерине сыймыктануу жана согуштун көптөгөн жабырлануучуларын кайгыруу менен эскерүү биздин элдерибизди бириктирип турат.

Улу Ата-Мекенндик согуштун фронтторунда 375 миӊ кыргызстандык согушкан, башкача айтканда ар бир төртүнчү адам согушкан десек болот. Алардын 100 миӊдейи согушта каза болушкан, алардын үчтөн бир бөлүгү ушул Беларустун аймагында каза табышкан.

Көрсөткөн эрдиги жана эр жүрөктүүлүгү үчүн 73 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болгон, 34 Даӊк орденинин кавалерлери, 175 миӊден ашыгы согуштун ордендери жана медалдары менен сыйланышкан.

Улуу Ата-Мекендик согуштун баатырларына арналган чоӊ жана кичине эстеликтер Кыргызстан менен Беларустун чоӊ жана кичине шаарларында тургузулган. Биз үчүн Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиев көмүлгөн Витебск облусундагы Узречье айылынын четиндеги достук көрүстөнү өтө кымбат жана маанилүү болуп эсептелет.

Улуу Ата-Мекендик согуш-биздин элдерибиздин тагдырына жазылган оор сыноо болгон. Ошол каргашалуу күндөрдөн жетимиш жылдан ашык убакыт бизди бөлүп турат. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ошол каардуу күндөрү каза болгондордун тизмеси толукталып келет.  Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда  совет элинин жеӊиши күндөн-күнгө, саатына жөнөкөй адамдардын эрдиктери менен толукталып турган.  Бүгүнкү күнгө чейин ар бирибиз үчүн «Эч ким, эч качан унутулбайт» деген сөздөр жашоодо лозунг гана болбостон, бул сөздөр чыныгы эрдиктерге үндөп келген.

Үй-бүлөлүк салт-сабыр – бул ар бир өлкөнүн маданиятынын бир бөлүгү. Өткөн жылы Кыргызстандын борбору Бишкекте жеӊиш күнүнө арналган «Жеӊиш үчүн чоӊ атама рахмат!» аттуу майрамдык акция болуп өттү. Бул акцияга согушта каза болгондордун кийинки тукумдары алардын сүрөттөрүн көтөрүп шаардын көчөлөрүндө басышты.

Урматтуу ветерандар!

Согушта каза болгондорго таазим ирээтинде Кыргызстанда жылына «Өлбөс полк» акциясы да өтүп турат.

Өлбөс полк- Бул Беларустун жашоочуларынын тагдыры, Ленинграддагы блокада, Брест, Москва жана Сталинград чептерин коргоо, ошондой эле тылдын эмгекчилерин коргоону азыркы муундун эсине салып туруу болуп саналат.

Өлбөс полк-Мекенибизди коргогондордун урматына көргөзгөн сыйдын эӊ аз бөлүгү. Фашизмди жеӊгендер Өлбөс полктун тутумунда түбөлүккө калат.

Урматтуу ветерандар!

Кыргыздар өткөндү билбей туруп азыркы менен келечектин маӊызын түшүнүп болбойт деп айтышат. Кыргызстандык баатыр Жумаш Асаналиевге Беларустун борборунда тургузулган эстелик Кыргызстан менен  Беларустун элдеринин ортосундагы достук жана бир туугандыктын символу экендигин сыймыктануу менен белгилейбиз.

Мындай жолугушуулар- согуш тууралуу чындыкты эскерүү жана билүү катары бааланат.

Урматтуу ветерандар жана минскиликтер, бардыгыӊыздарга ыраазычылык билдирем.

Жеӊиш күнүӊүздөр менен!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK