Саясий кызматташтык

Бельгия Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн 1992 жылдын 20 январында тааныган. Кыргыз Республикасы менен Белгия Королдугунун ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992 жылдын 25 мартында түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Белгия Королдугундагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси - Джумалиев Муктар Кабылбекович.

Бельгиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси (Астана шаарындагы резиденциясы менен) - Алекси де Кромбрюгхе де Пикендаль.

Саясий кызматташтык. Эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалог 1994 жылдын июнь айында КР Президентинин Брюссель шаарына болгон сапардын алкагында, Альберт II Королу, Премьер-министр жана Брюссель шаарынын мэри менен болуп откон жолугушуулар учурунда орнотулган. Сапардын жыйынтыгында алгачкы эки тараптуу кыргыз-бельгия документи – Биргелешкен Декларацияга кол коюлду.

2011 ж, 28 февралынан - 1 мартка чейин КР Президентинин Бельгияга иш сапары өттү, анын жүрүшүндө, эки тараптык кызматташтыктын жаатында Бельгиянын Премьер-министринин ишин аткаруучу И.Летерм, Бельгиянын Парламентинин Өкүлдөр Палатасынын Төрагасы А. Флао менен жолугушуулар болуп өттү.

2013 ж, 16-20 сентябрында КР нын Президенти А.Атамбаевдин, ЕБ институттарына баруу менен Бельгияга иш сапары өттү. Сапардын жүрүшүндө эки тараптуу форматта, Президенттин Бельгиялык Королго аудиенциясы, Бельгиялык Парламенттин эки Палатасынын спикерлери менен жолугушуусу, Кыргызстанга эн жогорку денгээлдеги саясий колдоо көрсөтүлүп жаткандыгынын жарык далили болду.

КР Президенти А.Атамбаевдин 27-31 мартта өткөн сапарынын алкагында Бельгиянын Королу Филипп менен болгон жолугушуусу, саясаттык диалогдун багытын күчөтүүгө түрткү болду. Сапардын алкагында Өлкө башчысы "Кыргызстан: "Демократиялык реформалар жана тышкы саясаттын артыкчылыктары" - аттуу эксперттик коомчулукка жана дипломатиялык корпуска арналган конференцияга катышты. 

2017 ж, 16 февралында үчүнчү эки тараптуу жолугушуу жогорку денгээлде өттү. 2017 ж, ноябрь айында өтө турган Президенттик шайлоонун алдында, ЕБ өлкөсүнүн лидери менен сүйлөшүүлөрдүн өтүшү, КРда демократиялык баалулуктардын сакталып келишин билдирүүгө мүмкүндүк берди. Жолугушуунун алкагында тараптар, соода жана экономикалык өз ара кызматташтык чөйрөсүн өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча келишимге келишти. Жогорку деңгээлдеги жолугушуу кыргыз - бельгия мамилелерине 25 - жылдык юбилейин майрамдоо боюнча салтанаттык иш чараларынын символикалык башталышы болду.

Өзгөчө, Кыргыз Республикасы, Белгия менен мамилелердин 2017 ж, бекитилишинин 25 - жылдыгына көңүл бурулду. КР Президенти А.Атамбаевдин Корол Филипп менен куттуктоо каттары менен алмашышты, ошондой эле премьер министрлердин деңгээлинде, КР жана Белгиянын тышкы иштер ведомстволордун расмий сайттарында, министр Э.Абдылдаевдин жана Федералдуу министр Д.Рейндерстин пресс-коммюникелери жарыяланган. Андан тышкаары, Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи А. Исаев менен Бельгиядагы Тышкы иштер Федералдуу Мамлекет Кызматынын эки тараптык кызматташтык боюнча бөлүмүнүн Башкы директору А.Ван. Калстер жана көзөмөл департаментинин директору Дж. Индике, куттуктоо каттары менен алмашышты. «АКИpress» маалыматтык агенттигинин сайтында Атайын жана Ыйгарымд укуктуу элчи А.Исаевдин, юбилейге арналган макаласы жарыяланды.

Парламент аралык байланыштар. 1996 ж, ноябрь айында Кыргыз Республикасынын ЖК Эл өкүлдөр жыйынынын Төрага баш болгон Парламенттик делегациясынын Бельгияга болгон расмий сапары өттү.

2001 ж. апрель айында Бельгиянын Сенат делегациясы, алардын башында турган Төрага Анн-Мари Лизэн, Кыргыз Республикасына сапар жасады.

2012 ж. 4 июлунда, Бельгиянын Федералдык Парламентинин Улуттук сарайында, КР ЖК Парламенттик достук тобунун Белгиянын Парламенти менен жолугушуусу өттү.

2016 ж. 19 апрелде Брюссель шаарында, КР депутаттарынын, VI чакырымдагы жаңы шайланган  белгиялык визави делегаттары менен байланыш түзүүгө жана баардык жаатагы мамилелерди талкуулоо менен келечектеги ийгиликтерди коздоого түрткү болгон Бельгиянын Сенатында иш жолугушуу өткөн.

2017 ж. 25 августа Бишкек шаарында КР ЖК Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин Төрагасы А.Шадиев., Бюджет жана каржылоо боюнча комитетин Төрагасы, Бельгия менен кызматташтык мамилелерин өнүктүрүү боюнча парламенттик тобунун Төрагасы Т.Тиллаеванын, Брюсселдик франктилдуу Парламентинин Президенти Ж.Де.Грот менен жолугушуусу өттү.

2018 ж. 3-7 июлунда, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жетекчиси И. Пирматов башында турган делегациянын иш сапарынын алкагында, Сенат жана Бельгиялык Федералдык Палатасынын өкүлдөрү, ошондой эле Фландриянын Парламентинин Президенти (спикери), Бельгиянын Тышкы иштер министрлигинин Башкармалыгы жана Брюссель шаарындагы европалык институттарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өттү.

Тышкы иштер ведомстволор арасында эки тараптуу байланыштар дагы өнүгүп жатат. 2012 ж, 2 май айында, КР Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин, Бельгия Королдугунун Тышкы иштер министри Дидье Рейдерс менен НАТО суроолору боюнча Саммит (20-21 май Чикаго шаары) алкагында жолугушуусу өттү.

2014 ж. 18 февралында Брюссель шаарында Тышкы иштер министрлигинин орун басары Э. Оторбаевдин, Белгиянын ТИФМК эки тараптуу кызматташтык мамилелер боюнча Генералдык директор Ян Ван Дессел менен жолугушуусу өтту, анын жүрүшүндө тараптар эл аралык жана эки тараптык кызматташтык жаатында ой пикир алмашышты.

Брюсселде өткөн алгачкы кыргыз-бельгия Тышкы иштер министрликтер арасындагы саясий консультациялар, эки тараптык кызматташтыкты өнүктүрүү, 2014 жылдын эң негизги жана белгилүү окуяларынын бири болуп эсептелинет.

2014 ж, 15 майда, Бельгиянын Тышкы иштер министрлигинин, Чыгыш Европа жана Централдык Азия суроолору боюнча Директораттын жетекчиси Г. Слюваген башында турган, Белгиянын Тышкы иштер министрлигинин делегациясынын алгачкы сапары өттү. Жыйналыштын жүрүшүндө, тараптар кызматташтык жаатындагы ар кыл мүнөздөгү суроолордун кеңири спектрин талкуулашты.

2016 ж. 4 октябрда КР Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин, Бельгиянын Тышкы иштер министри Д.Рейндерс менен сүйлөшүүлөрү өттү. Тышкы иштер ведомстволордун жетекчилери, экинчи кыргыз-бельгиялык Тышкы иштер министрликтердин консультациялардын, Тышкы иштер министрлердин орун басарлардын денгээлинде өткөрүү тууралуу келишимге келишти.

2017 ж, 6 июлунда, Бишкек шаарында Тышкы иштер министрлердин орун басарларынын деңгээлиндеги Э. Кайкиев жана эки тараптык кызматташуу суроолору боюнча Генералдык директор А.Ван.Кластер ортосунда экинчи Тышкы иштер министрлик консултациялар өттү.