Соода-экономикалык кызматташтык

КР Улуттук Статистика Комитетинин маалыматы боюнча, 2018 ж, 1 кварталында, Кыргыз Республикасы Белгия менен болгон тышкы соода жүгүртүүсү 5,7 млн акш долларын түздү, анын ичинде экспортко 3,1 млн акш доллары, импортко 2,6 млн акш доллары сарпталды.

Экспорттун негизги багыттары - алтын, сурма жана анын кошундулары, автоунаалардын тетикчелери, түстүү металл, радиаторлор, кара металдан буюмдар жана башкалар.

Импорттун негизги багыттары – инженердик буюмдар, (өнөр жай жабдуулары, механикалык түзмөктөр, техника, комплектациялоо материалдар), унаа каражаттары, оптикалык инструменттер жана аспаптардын тетиктери, фармацевтикалык, косметикалык буюмдар, ар түрдүү тамак аш азыктары, мунай заттары, кагаз, картон жана алардан жасалган буюмдар.

Экономикалык дипломатиянын алкагында КР Бельгиядагы Өкулчулугу Бельгия өкмөтүнүн агентстволору аркылуу инвестиция, соода жана кызматташтык жаатындагы суроолору боюнча, ошондой эле тыгыз байланыштарды орнотуу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп турат.

2014 ж. 3 февралында, Брюсселде Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи А.Исаевдин инвестиция жана соода боюнча Фландриянын Агентствосунун ички соода жана инвестициялар боюнча иштердин директорунун орун басары Т.Кастрел менен Орто жана Түштүк Азиянын регионалдуу менеджери К.Де Влишоувер менен жолугушуусу өттү.

2014 ж. 12 февралында, Антверпен шаарындагы, Фламанд регионундагы бир топ ишкерлер менен жолугушуу, анын жүрүшүндө ар түрдүү Фландрия менен Кыргызстан ортосундагы байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Элчилик тарабынын ишкерлерге КР инвестициялык долбоорлору сунушталып берилди.

2014ж. 17 февралында, Брюсселде КР Премьер Министрдин Аппаратынын Башкармалыгынын башчысы Т.Абдыгуловдун, Валлониядагы инвестициялар жана соода боюнча Агентствосунун Генералдык директорунун орун басары Шанталь де Блю (AWEX) менен бизнес-жолугушуусу өттү. КР менен Белгия ортосундагы соода экономикалык кызматташтыктын жаатындагы кеңири мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Акыркы жылдардагы маанилүү окуя 2014 ж. 24 апрелинде Брюссель шаарында, КР ишкердүүлук жана инвестиция мүмкүнчүлүктөрү тууралуу тегерек столдун уюштурулушу, ошондой эле ЕБ нин кичи жана орто ишкердүүлүктү колдоодо ролу жыйылтылат. Жолугушууда Кыргызстан жана ЕБ нин ортосундагы соода экономикалык кызматташтыктын келечектеги өнүгүшү, ошондой эле чет өлкөлүк инвестицияларды өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу багыттарына алып келүү суроолору талкууланды.

2014 ж. 25 апрелинде Брюсель ш. Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги менен бирге Бельгиялык соода жана инвестиция агенстволорунун өкүлдөрү, Бельгиянын Тышкы иштер министрлиги, ЕБ институттары жана Бельгия менен КР нын ишкердик уюмдарынын катышуусунда КР нын ишкердик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу тегерек стол уюштурулду.

2015 ж., 23-24 ноябрда Бельгиялык региондун Валлония Тышкы соода жана инвистициялар "AWEX" Агенствосунун Кыргызстанга сапары өттү. Сапардын жүрүшүндө Экономика Министерлике караштуу КР инвистицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча Агенттигинин жана КР соода өнөр жай Палатасынын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстан менен Бельгиянын ишкердик чөйрөсүнүн катышуусунда бизнес-форуму өттү.

2016 ж., 24 мартында Антверпен шаарында Элчилик, Фландриянын "VOKA" соода өнөр жай Палатасынын негизинде, Чыгыш Европа бизнес уюмунун өкүлдөрүнүн катышуусунда жана Бельгиянын Фламандтык регионунун ишкер чөйрөөсүнүн өкүлдөрү менен ишкердик семинар өткөрүлдү.

2016 ж. 6 октябрьда  Антверпен шаарында Ишкерлик боюнча Эл аралык форумда Соода жана Өнөр жай Палатасынын, Германияда жана Чехияда расмий өкүлү К.Итибаев КРнын инвестициялык потенциалын көрсөткөн. Форум Фландриянын «VOKA» Соода жана өнөр жай Палатасы, КР Белгиядагы Элчилиги жана башка Орто Азия дипломатиялык Элчиликтердин жардамы менен өткөрүлдү.

2018 ж. 14 июнунда, Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи А.Исаевдин «AWEX» Валлония Агенттигинин Тышкы Соода жана Инвестициялар боюнча тышкы соода бөлүмүнүн аткаруучу директору Ш. Де Блю менен жолугушуусу өттү, анда AWEX өткөргөн Валлондук регионду санариптештирүү конференциясынын алкагында, 2019 ж., Бельгиянын КРна соода миссиясын уюштурууну чечишти.

КР туристтик потенциалды илгерилетүү иштер алкагында, 2017ж., 3-9 апрелинде, КР туристтик компаниялары үчүн («Главтур», «Бон Вояж», «Таргет Тур», «Гульназ Тур», «Глобус» и «Тревал Шоп», ошондой эле КР Туристических агентстволордун Ассоциацияларынын өкүлдөрү) Бенилюкс өлкөлөрүнө жана Францияга инфотур өттү. Мындай жааттагы, КР нын эң чоң туристтик миссиясы дароо эле, ЕБнын бир нече өлкөлөрүнө сапар тартты. Өткөрүлгөн инфотурдун маанилүү окуясы болуп, бир гана КР нын ички туризм рыногун Бенилюкс шаарларына көрсөтүү гана эмес, ошондой эле мекендик компаниялардын сырткы рынокко чыгуусу күтүлүп, чет өлкөлүк визавилер менен тыгыз карым катнаш тузүлүүдө.

2018 ж., 23 апрелинде КР Белгиядагы Элчилигинин кызматкерлери алгач ирет Кыргызстандын презентациясын Бельгиядагы НАТО эл аралык мектебинде тартуулашты. Иш чаранын жүрүшүндө Элчиликтин кызматкерлери, Кыргызстандын өзгөчөлүктөрүн, өлкөнүн туристтик жагдайынын Европа жана Америка өлкөлөрүнөн келген туристтерге ылайык жагымдуу абалы жөнүндө айтып беришти. Презентациянын жүрүшүндө НАТО уюмунда өкүлчүлүгү бар өлкөлөрдөн конокторго маалымат берилди: өлкөгө кирип чыгуунун визасыз шарты, келе жаткан үчүнчү Дуйнөлүк Көчмөндөр Оюндары жөнүндө, ошондой эле кыргыз элинин турмуш тиричилигинен, улуттук ашкана жана улуттук оюндардын кээ бир элементтери (аркан тартыш, чүкө ойномой жана беш таш) көрсөтүлдү. Кыргызстандын презентациясы коноктор тараптан абдан чон кызыкчылыкты жана эмоцияларды туудурду.

2018ж., 14 майында КР Бельгиядагы Элчилиги «Nomadstan» туристик агентствосу менен биргелешүүдө "Ачык эшиктер күнүн" өткөрүп, кабыл алуучу жана акредитацияланган өлкөнүн, туризм жаатындагы ири туристик компаниялардын жана анын өкүлдөрүнө үчүнчү Көчмөндөр Оюнун тартуулашты. Иш чарага Бельгиялык туристтик компаниялар («Anders Reizen», «Qvovaois», «Traveller-quide», «Transmeeting», «Visa support service»), Нидерландыдан («Paardenpas», «Annelis Righter»), ошондой эле,  «PR-Laurence Hennon» и «Public relations» журналистери катышты. Иш чаранын жүрүшүндө Элчиликтин кызматкерлери жана балдары Кыргызстандын туризмди, ак барстын сакталып калынышын жана келе-жаткан үчүнчү Эл аралык Көчмөндөр Оюндарын тартуулашты. Иш чара, кыргыз элинин турмуш тиричилин, улуттук ашкана жана кыргыз элинин мейман достугунун традициялык өзгөчөлүктөрүн жаныртуу менен чагылдырган. Иш чаранын жыйынтыгында тараптар Кыргызстанга 10 жогорку деңгээлдеги туристтик операторлорго (индивидуалдык жана группалашкан туристтик агенстволор), ошондой эле Бенилюкс өлкөлөрүнүн журналистерине таныштыруу Fam Trip «Kyrgyzstan: A Passionable Discovery», аттуу сапарын уюштуруу макулдышылды.