Документерди таануу жана суратып алдыруу

Кыргыз Республикасынан суратып алуу үчүн талап кылынган документердин тизмеси:

1.КРнын аймагында соттолбогону туралуу справка:

- жалпы жарандык паспорт;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта), бар болгон учурда;

- туулгандыгы туралуу күбөлүк;

- фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү туралуу күбөлүк;

- никенин катталгандыгы жөнүндө күбөлүк.

2. Никенин катталбагандыгы туралуу справкалар:

- жалпы жарандык паспорт;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта), бар болгон учурда;

- туулгандыгы туралуу күбөлүк;

- нике бузуу жөнүндө күбөлүк, мурун нике бузулган учурда.

3. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык эмес экендиги туралуу справка:

Арызга төмөнкү документерди тиркөө керек:

1) арыз ээсинин өздүгүн тастыктаган документердин (паспорт же туулгандыгы туралуу күбөлүк) түп нускасы же көчүрмөсү;

2) толук автобиографиясы;

3) ак фондо 4×6 см өлчөмүндө түстүү эки сүрөт;

4) Бенилюкс өлкөлөрүндө же Францияда туруктуу түрдө жашагандыгы туралуу документ;

5) Үй бүлөсү бар болгондугу туралуу документ (никеге туруу жөнүндө күбөлүк, туулгандыгы туралуу күбөлүк).