Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы элчилиги “Кыргызстан жана Казакстанда бизнес жүргүзүү” атуу бизнес семинарына катышты

5861

2019-жылдын июнь айында бельгиялык компаниялардын Кыргызстанга болуп өтүүчү ири бизнес-сапарынын алкагында 2019-жылдын 22-февралында Брюссель шаарында «Doing business in Kazakhstan and Kyrgyzstan» аттуу семинары болуп өттү.

Аталган семинар «AWEX» Валониялык тышкы соода жана инвестиция агенттигинде Казакстан жана Кыргызстан элчилигинин башчылары жана Бельгия Королдугунун Валония жана Фландриянын ишкердик өкүлчүлүктөрүнүн катышуусунда болуп өттү.

Элчиликтин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын экономикалык потенциалы жана  бизнес чөйрөсү тууралуу  маалымдашты. Ошону менен бирге семинардын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын инвестициялык чөйрөсүндө болгон жетишкендиктерди жана ылайыктуу тармактар тууралуу маалыматтар берилди.

Бельгия жарандары Кыргыз Республикасына визасыз кире ала тургандыгы Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн бир топ жеңилдиктерди береер экенине өзгөчө басым жасалып, Кыргыз Республикасына «Жалпы префиренция системасы +» статусу ыйгарылгандыгы тууралуу жарыяланды.

Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу Алматы шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасындагы  Бельгия Элчилигинин Соода өкүлү  Л.Алиева маалымдады.

Бельгия тарабы өз презентациясында КР Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш чаралары тууралуу, либералдык саясаты, соода-экономикалык байланыштардын колдонулбаган потенциалын баса белгиледи.

Аталган  иш-чара биргеликтүү форматта өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча чет мамлекеттик инвесторлорго жана потенциалдуу ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык кызыкчылыгын жана экономикалык шарттары тууралуу кеңири маалымат берилди. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK