Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Европарламенттин депутаттарынын делегациясын кабыл алды

272

2023-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КР-ЕБ парламенттик кызматташуу боюнча комитетинин 16-жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келген Европарламенттин депутаттарынын делегациясын кабыл алды.

Жолугушуунун башталышында Министр Ж.Кулубаев Европа Парламентинин депутаттарын республикада жүргүзүлүп жаткан демократиялык өзгөрүүлөр, социалдык жана экономикалык реформалар, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу көрүлүп жаткан улуттук чаралар, тактап айтканда, «Жашыл мурас» программасын ишке ашыруу жөнүндө маалымдады. КР ТИМ жетекчиси Ж.Кулубаев европалык өнөктөштөрдү жакында орун алган Экинчи Элдик курултайдын жыйынтыгы менен кеңири тааныштырды.

Европарламенттин депутаттары өз кезегинде региондогу демократиялык процесстер боюнча Кыргыз Республикасынын алдыңкы позициясын белгилешти, ошондой эле конкреттүү инфраструктуралык долбоорлордун алкагында КР менен ЕБдин өз ара аракеттенүүсүнүн перспективалары боюнча өз пикирлерин айтышты.

Тараптар ошондой эле демократиялык институттарды бекемдөө, адам укуктарын камсыз кылуу, гидроэнергетика жана суу ресурстары, жашыл экономика тармактарында максаттуу долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы учурдагы абал жана өз ара кызматташуунун перспективалары боюнча пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK