Бельгиялык ишкер Жемил Сойсол Жеңиш күнүнө карата Таластагы мектепке компьютердик техниканы белеке берди

373

Бельгия Королдугундагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин көмөгү менен Брюсселдеги бизнесмен Жемил Сойсал Талас шаарындагы Абжалбек Чолпонкулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине         500 миң сомдон ашык суммага компьютердик техника сатып алып, белек катары тапшырды.

Ж. Сойсалдын айтымында, ал Бельгияда төрөлүп өскөн, бирок ага карабастан түрк тамырын унуткан эмес. Жеке ишкер улуу «Манас» эпосу жана Чынгыз Айтматовдун чыгармалары аны өзгөчө шыктандыргандыгын баса белгилейт.

Буга байланыштуу бельгиялык бизнесмен кыргыз интеллигенциясынын биринчи плеиадасынын өкүлү Абжалбек Чолпонкуловдун ысымын алып жүргөн Талас мектебин тандаган. Келечекте Ж.Сойсал КРнын Брюсселдеги Элчилиги менен биргеликте ушундай акцияларды дагы бир өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбаганын маалымдады.

Маалымдама: А.Чолпонкулов бийдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн,                    1896-жылы Олуя - Атадагы (азыркы Тараз) орус - тузем мектебин, андан кийин 1901-жылы Орто Азиядагы биринчи жогорку окуу жайын Ташкенттеги мугалимдер семинариясын аяктаган.

А.Чолпонкулов билим берүү тутмундагы ар кандай кызматтарда иштеп, Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда сабатсыздыкты жоюу үчүн көп иштерди жасаган. Анын шакирттеринин арасында Төрөкул Айтматов сыяктуу белгилүү инсандар аз эмес.

Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунда А.Чолпонкуловдун эки уулу каза болгон, Алардын бири - кыргыздар арасындагы илимдин биринчи кандидаты Жамил Чолпонкулов. Жамил Чолпонкулов 1939-жылы                       (28 жашында) Ленинград Мамлекеттик университетин аяктаган. Экинчи уулу Кемел Чолпонкулов 1942-жылы толук эмес 18 жашында өз ыктыяры менен фронтко кеткен. Жарадар болгон, бирок кызматка кайтып келип, 1943-жылдын аягында каза болгон.

1946-жылы А.Чолпонкулов СССРдин Жогорку Советине депутат болуп шайланган, бирок улуу уулдарынан айрылышы аны олутту жыгылдырган. Союздук парламенттин депутатынын милдетин аткарганга жетишпестен көз жумган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK