2023-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Тимур Абдижалил Кыргыз Республикасынын жана БАЭнин жеңил атлетика федерациялары менен биргеликте Дубайда жарым марафон боюнча Азия чемпионатын расмий түрдө ачты.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы жарым марафон боюнча Азия чемпиондугун жеңип, жыйынтык протоколдо Кыргызстандын командасы биринчи орунду ээледи. Биздин команда үчүн төмөнкүлөр аткарылды:
• Сардана Трофимова (1:14:44);
• Гүлшана Сатарова (1:15:18);
• Мария Коробицкая (1:15:42);
• Айнуска Калил кызы (1:16:07).
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу БАЭнин жеңил атлетика федерациясына жарым марафонду жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасын жана Кыргыз Республикасынын Жеңил атлетика федерациясын алтын медалдары менен куттуктайт.