Дипломатиялык миссиянын башчысы

Кыргыз Респуликасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу 

Арипов Назарали Турдалиевич

1970-жылы Баткен областынын Кара-Булак айылында туулган. Ош технологиялык университетинин жол кыймылын уюштуруу бөлүмүн бүтүргөн.

 Эмгек ишмердүүлүгү:

  • 1994-1997 – «Эрдик» жеке иш кананын директору
  • 1997-2001 -  жеке ишмер
  • 2001-2003 – ЖЧК «Прагма Инк» директору
  • 2003-2009 – ЖЧК «Гефест» директору
  • 2007 – Оштун шаардык кеӊешинин депутаты
  • 2009-2010 – Кыргыз Республикасына караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош боюнча территориалдык башкармалыгынын директору
  • 2010-2015 – «Реcпублика» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеӊешинин V чакырылышынын депутаты
  • 2016 – Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо комиссиясында мүчө
  • 08.05.2021 – азыркы учурга чейин – Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы консулдугунун Башкы консулу

«КМШ Парламент Аралык Ассамблеясы – 20 жыл» юбилейдик медали менен сыйланган.