Консулдук каттоо

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө, ошондой эле Түркияда, туруктуу же убактылуу турган жарандары консулдук каттоого тура алышат.

Түркия Республикасынын Анталья, Мугла, Айдын, Денизли, Бурдур, Ыспарта, Конья, Караман, Нигде, Мерсин, Адана, Османие, Хатай, Газиантеп жана Килис провинцияларындагы жарандарыбыз КРдин Анталья шаарындагы Башкы консулдугунда каттого тура алышат. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык (2019-жылдын 25-ноябрындагы №632) чет өлкөлөрдө туруктуу же убактылуу турган Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөдөгү мекемеге – Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугуна жеке өзү кайрылып, же дистанттык тартипте (жеке өзү келбестен) консулдук каттоого туруу мүмкүнчүлүгү каралат.

Жеке кайрылуу менен консулдук каттоого туруу үчүн жарандар төмөнкү документтерди көрсөтүүсү керек:

  1. формага ылайык толтурулган регистрациялык карта (жүктөө);
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспорту; 
  3. бети даана тартылган 3х4см көлөмүндөгү эки түстүү фотосүрөт.

Ал эми жеке өзү келбестен (дистанттык түрдө) консулдук каттоого туруу үчүн жарандар жогоруда көрсөтүлгөн документтердин баарын сканерден өткөрүп, Башкы консулдуктун расмий электрондук дарегине (kgconsulate.antalya@mfa.gov.kg) жөнөтсө болот.

Кыргыз Республикасынын аймагынан башка өлкөгө туруктуу жашоо үчүн чыгып кетишкен Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук каттоого туруу үчүн Кыргыз Республикасында «Регистрациялык каттоодон чыгарылды» деген штампы менен даректен чыгуу баракчасын көрсөтөт/жөнөтөт.

Эгерде Кыргыз Республикасынын жараны жашаган жеринен өз убагында регистрациялык каттоодон чыкпаса, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык мекемесине туруктуу жашоо үчүн консулдук каттоого турууга Кыргызстанда жашаган дареги боюнча каттоодон чыгаруу арызы менен кайрылуусу зарыл.

Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын жараны консулдук каттоого тургандыгы же каттоодон чыгарылгандыгы тууралуу жалпы жарандык паспортуна мастикалык штамп койдуруу үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылууга укуктуу.

Консулдук каттоого коюу акысыз жүргүзүлөт.

Консулдук каттоого туруу чет өлкөлөрдө шайлоого катышуу үчүн тизмеге кирүүнүн милдеттүү түрдөгү талаптарынын бири болуп саналарын белгилеп кетебиз.