Документтерди мыйзамдаштыруу

Кыргызстан менен Түркия 1961-жылдагы чет элдик мамлекеттик документтерди мыйзамдаштыруу талабын жокко чыгарган Гаага конвенциясынын катышуучулары болот. Кыргыз Республикасынын документтери Түркиянын аймагында колдонулган учурда документтин түрүнө жараша Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына кайрылуу зарыл (толук маалыматты Юстиция министрлигинин сайтынан тапса болот http://minjust.gov.kg/ru/section/view/id/21.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан берилген расмий документтерге "апостиль" коюуга ыйгарым укуктарга ээ эмес.

Кээ бир учурларда Түркиянын жергиликтүү органдары (kaymakamlik) Башкы консулдук тарабынан күбөлөндүрүлгөн ЗАГСтын документтерин (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү ж.б.) кабыл ала алат. Кыргыз Республикасынын нотариалдык контораларында берилген ишеним каттар, ошондой эле Ички иштер министрлигинин мамлекеттик органдары, ЗАГС органдары тарабынан берилген күбөлүктөр, башка маалымкаттар, билими жөнүндө дипломдор күбөлөндүрүлбөйт.

Тастыктоо үчүн алгач керектүү документти түрк тилине которуп, нотариалдык жактан күбөлөндүрүү керек, мындай документтер саат 9.00дөн 16.00гө чейин кабыл алынат, даяр документтерди берүү ошол эле күнү саат 16.00дөн 17.00гө чейин жүргүзүлөт.