Кыргызстан жөнүндө

Кыргыз Республикасы Орто Азиянын түндүк-чыгышында жайгашкан жана Тянь-Шань тоо системасынын батыш бөлүгүн жана түндүк Памир-Алай тоолуу аймагын ээлейт. 

Кыргызстан 4 мамлекет менен чектешет: түндүктө – Казакстан менен, батыш жана-түштүк- батыш тарабында – Өзбекстан менен, түндүк-батышта – Тажикстан менен, түштүк-чыгышта – Кытай менен.

Кыргыз Республикасынын жалпы аянты 198,5 чарчы километрге барабар, анын 94 пайызын тоолор ээлейт. Алардын орто бийиктиги деңиз деңгээлинен 2 750 метр бийиктикте жайгашкан.

Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын саясий, экономикалык, илимий, административдик, тарыхий-маданий борбору. Бул жерде мамлекеттик бийликтин жогорку органдары, элчиликтер, чет өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрү жайгашкан. Борбор калаанын аймагынын аянты 127,3 чарчы километрге тең.

Кыргызстан 7 облустан турат: Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустары. Мындан тышкары өлкөнүн курамына 40 административдик район жана 22 шаар кирет. Негизги шаарлар – Бишкек жана Ош.

1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасы Эгемендүүлүгүн алган. Кыргызстан - президенттик республика болуп, көз каранды эмес, светтик, демократиялык жана укуктук мамлекет. Өлкөнүн президенти жалпы элдик добуш берүү менен 5 жылга шайланат, экинчи мөөнөткө шайланууга укугу бар. Кыргызстандын учурдагы Президенти Садыр Жапаров.

Кыргызстанда 6,6 миллиондон ашуун адам жашайт. Алардын ичинен кыргыздар – 74 пайыз, өзбектер – 14 пайыз, орустар – 6 пайыз, казактар, тажиктер, уйгурлар жана башка улуттардын өкүлдөрү – 6 пайызды түзөт. Кыргыз Республикасында жалпысынан 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү бар.

Кыргыз Республикасында кыргыз тили мамлекеттик тил болуп саналат. Орус тили өлкөдө расмий тил статусуна ээ.

КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛҮҮНҮН 10 СЕБЕБИ

1. АСМАН ТИРЕГЕН ТООЛОР ӨЛКӨСҮ

Кыргызстан – борбор Азиянын так ортосунда жайгашкан. Улуу Тянь – Шань жана Памир Алай тоо кыркылары аймактын 90% ээлеп, ажайып бир кооздук берип турган өлкө. Өлкөдө жайгашкан бийиктиги 4000 метрден өйдө турган 29 тоо чокулары жана 3000 метрден ашык бийиктиктен турган 45 кыл чокулары бул жерге “Асман тиреген тоолуу өлкө деген наамды калтыргын” . Кыргызстанда жөө жүрүш туризимин сүйүүчүлөр үчүн 200гө чукул туристик каттамдар бар. Ал эми альпенисттер үчүн бул өлкөдө дүйнөдөгү эң бийик деп аталган, 7000 метр бийиктиктен жогору эсептелген Жеңиш чокусу жана Хан – Тенгри чокулары жайгашкан. Жаратылышынын баа жеткис ар тараптуулугу 50дөн ашык жашыл бактарында жана токой коруктарында байкалып, көз жоосун алат. Өлкөдө жөө жүрүш , вело жүрүш, ат оюндарын өткөрүүгө ыңгайлуу. Өлкө жашоочулары ушул убакка чейин тоо кыркаларынын эң кооз жерлерин басып өтүү үчүн аттарды пайдаланып келишет. Анткени, бул жаныбарды эң ыңгайлуу транспорт катары эсептешет.

2. ЖАН ДҮЙНӨНҮ СЫЙКЫРЛАГАН ТОО КӨЛДӨРҮ

Кыргызстандагы Тянь – Шань тоолорунун бөлүктөрүндө 2000 ашык көлдөр орун алган. Бул кооз жаратылыш күзгүлөрүнүн пайда болуусу жөнүндө байыркы убактан бери көптөгөн уламыштар бизге чейин айтылып келет. Деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жайгашкан Соң - Көл көлү, дүйнө жүзүндөгү бүт саякатчыларды өзүнө тартып турат. Жээгинде жайгашкан боз үйдөн куралган лагерлер көчмөн кыргыз элинин маданияты менен таанышууга өзгөчө шарт түзүп берет. Тереңдиги боюнча 668 метр болгон, дүйнөдөгү 2 – орунда турган Ысык – Көлдүн аймагында жайгашкан ден соолукту чыңдоочу жайлар (курорттор), көл жээгиндеги конок үйлөр Азиянын континентиндеги көл жээгинде ажайып эс алуу үчүн конокторду чакырып турат. Жер астынан чыккан жүздөгөн булактардын жаңыланып турган бул көлдүн аталышы туздуу көл эч качан тоңбогондуктан, Ысык-Көл деген маанини берет. Ысык-Көлдүн айланасын курчап турган тоо чокулары саякатчыларды таң калтырат. Көлдү курчаган тоолор түндүгүнөн келген муздак массаларды жана түндүгүнөн ыссык шамалдан коргоп, жагымдуу жана ыңгайлуу микроклиматты түзүп саякатчылардын эс алуусуна болгон жакшы шартты түзүп берет. Тоо кыркаларынан келген жеңил шамал, төмөнкү нымдуулуктагы таза аба, жылуу күн нурлары пайдалуу минералдарга бай суусу, ыссык булактар жана дары ылайлар ден соолукту чыңдап, көлгө келген коноктордун маанайын көтөрөт.

3. ЭКТРИМАЛДУУ СПОРТТУН ТҮРЛӨРҮ

Кыргызстандын кыйма - чийме катаал жерлери төгөрөктүн төрт бурчундагы спорт сүйүүчүлөрүн өзүнө тартып келет. Өлкөнүн көп аймагында жайгашкан тоо кыркалары атактуу чокуларды багындырып жүргөн альпенисттерди бул жерден өзүнө тартып турат. 7000 метр бийиктиктен ашкан Кыргызстандагы 4 аска чокулар тажрыйбалуу спортчуларды кызыктырат. Лыжа сүйүүчулөрү үчүн 13гө чукул тоо лыжа курорттору сунушталат . Алардын айрымдарында жашоого мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Тоо чокуларынан пайда болгон дарыялар рафтинг жана каякинг сүйүүчүлөрүн өзүнө тартат. Боом капчыгайынан кыя түшүп келген Чүй дарыясы тоо куймаларынан бириккен эң башкы агын суу болуп эсептелинет.

4. УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУ

Эки миң жыл аралыгында Улуу Жибек Жолу негизги соода маршруттук жолдорунун ачкычы болуу менен чыгыш жана батыш цивилизациясын түзгөн. Каравандар, жүктөлгөн адамдар товарлары менен тоолордон, чөлдөрдөн, көлмөлөрдү кечип өтүп, өздөрүнүн жолдорун улантышкан. Аны менен бирге идеяларды, технологияларды жана элдик каада-салттарды жана маданиятты кеңири жайылтышкан. Жибек Жолунун башкы артериясы кыргыз жери аркылуу өтүп, алардын мейман-достугу жана көчмөндүгү, соодагерлердин эс алуусуна эң сонун шарт түзгөн. Тоо өзөндөрү жана ойдуң жерлери соодагерлерге токтоо үчүн ыңгайлуу болуп, жалданган жумушчулар, дин кызматкерлери жана аскерлер батыш менен чыгышты бөлүп турган 6500 км аралыкты басып өтүшкөн. 2014-жылы Юнеско тарабынан Чанъан – Тянь – Шань кире бериши дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Ал эми Ташрабат өзүн классикалык мисал катары хv кылымда саякатчыларга чеп дубал болуп туруп берген. Туристтер бул тарыхый имараттардан жөө, ат, мотоцикл, велосипед аркылуу басып өтүшкөн. Айрым транспорттун түрлөрү болсо боз үй лагерлерине ыңгайлаштырылган.

5. БАЙЫРКЫ ЖАНА ЫЙЫК ЖЕРЛЕР

Кыргызстанды этнографиялык туризм үчүн укмуш жер деп аташат. Илгерки аскадагы жазуулар, дубалдар, тоо түздүктөрү б.з.ч. vııı кылымга таандык болуп, бул жерлер кыргыз элинин территорясына таандык экени жана алардын маданиятын алмаштырбаганын далилдейт. 5000ге чукул объекттер, тарыхый жана маданий мурастар республакынын бир нече жеринен орун алып, кыргыз элинин өткөн жашоосун көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Көптөгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында Ыссык-Көлдө архитектуралык калдыктар табылып, аны жакшы сакташып цивилизациянын өнүгүүсүн далилдешкен. Кыргызстандын түштүгүндө болсо ар кандай калдыктар, кооз жерлер, мечиттер адамдарды Ош шаарына тартып, маданиятка бай Фергана өрөөнүндө жайгашкандыгын көрсөтөт. Шаардын чок ортосунда Сулайман – Тоо, Соломон пайгамбардын атынан аталып, 101 ге чукул аскадагы жазуулар жана адамдардын, жаныбарлардын сүрөттөрү тартылып, буга кошумча 17 жер тилкеси бизге чейин адамдар ал жерде жашап кеткендигин далилдейт. Бул жерде жайгашкан xvı кылымга таандык мечит да Сулайман-Тоо динге ишенгендерге кызмат кылганын көрсөтүп турат. Бул жерде Улуу Жибек Жолунун издери да калган. Ошондой эле Сулайман – Тоо Юнесконун маданий мурасына кирген.

6. МАНАС ДАСТАНЫ

Чыныгы шедевр аталган “Манас” эпосу – маданий мурастын, оозэки чыгармачылык, көчмөн кыргыз элинин чыгармасы. Анын оозэки жана жазуу түрүндөгү саптары бар. Ал 500 миң саптан туруп, анда жашоо жана уламышка айланган каарман Манастын эрдиги баяндалат. Манас эпосу Юнесконун материалдык эмес маданий тизмесине кирген. Эпостун башкы максаты күнүмдүк жашоонун кооздугун жана каада-салт, үрп-адат, майрамдарды белгилөө, аларды сактоо жана өткөрүү . Ал б.з.ч. 1000 жылдыкта болуп өткөн. Поэманы кесипкөй айтканды манасчы деп айтат. Эпосту айтууда манасчылар транска кирип, аны бир нече күн созуп айтышып, угуучуларды эр жүрөктүлүккө, баатырлыкка, мекенди коргоого үндөшкөн. Манас айтуунун аягы ар дайым жакшылык жамандыкты жеңүү менен аяктайт. Манасчылар руханий байлыкты жүрөгүнө топтоп, кыргыз элинин урмат – сыйына татыган инсандар.

7. КӨЧМӨН МАДАНИЯТ

Кыргызстандын улуттук балуулугунун ажырагыс бөлүгү катары кыргыз элинин көчмөн маданиятынын салттары, кыргыз элинин бирден бир мурасы болуп саналат. Көпчүлүк үй бүлөлөр жайдын аптаптуу айларында үйүр-үйүр мал жандыктарын жайлоого айдаганы менен ушул күнгө чейин көчмөн маданиятын сактап келишет. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарынан азыркыга чейин ата-бабалардан калган салттарды кезиктирүүгө болот. Спорт жана башка мелдеш оюндары көчмөн кыргызстандын жашоосун сүрөттөйт. Спорт оюндары дени сак жашоонун ачкычы болуп, ошондой эле жан дүйнөнүн руханий азыгы катары калыптанып келген. Кыргыздын ар бир жигити күчүн, шамдагайлыгын, эрктүүлүгүн көрсөтүү менен , кыргыз жигиттери канчалык денгээлде эр журөк, баатыр экенин далилдешип келген. Көчмөн салттары менен бирге көпчүлүк оюндар ат үстүндө өтүп, оюнчу жана анын тулпары бир бүтүн организмди түзгөнүн далилдешкен. Кыргызстанда белгилүү ат оюндары ушул күнгө чейин өткөрүлүп келет жана ат чабыш (узун аралыка ат чабуу) жана жорго салыш (кыска аралыка ат чабуу) өңдүү ат оюндары искусствосу негизги орунду ээлейт. Оодарыш, улак тартыш, көк бөрү өңдүү кызыктуу оюндар да бар.

8. КЫРГЫЗ МЕЙМАНДОСТУГУ

Кыргызстандын көчмөн уруулары өзүнүн меймандостугу, кең пейилдиги жана ачык мүнөзү менен таанымал жана ушул сапаттары азыркы күнгө чейин өзгөрүлбөй сакталып келет .Кыргыздар дайыма конокторун кубаныч менен тосуп, аларга чоң урмат –сый менен мамиле жасашкан. Конок тосуунун үч түрү болгон. Мисалы: Той-ашка келген коноктор. Аларды жайгаштыруу туугандарга же айыл тургундарына тапшырылган. Ал эми экинчиси тааныш конок. Алыс туугандар же достор. Алар менен үй ээси жана коноктун жакындыгына жараша кененирээк мамиле курушкан. Коноктун үчүнчү тобу кудайдын коногу деп аталып, алар баш-паанек издеген жолоочулар болгон. Эгерде күн баткандан кийин босогону аттап келген жолоочулар болсо, алардын ар бирин тамактандырып, түнөөгө шарт түзүп берген. Уруунун жакшы атын сактап калуу үчүн , меймандос эмес экен жана башка ушул сыяктуу ушактардан качуу үчүн жарды үй бүлөр туугандарын жардамга чакырышкан. Коноктор кыргыз үй бүлөрлөрүнүн үйлөрүнө же болбосо көчмөн жашоонун даамын таткызган боз үйлөргө жайгаштырылган. Боз үй кыргыздар жана алардын жерлери менен болгон байланышын билдирет. Тоо боорундагы салкын түндөрдө боз үй салттуу шырдактар жана колго жасалган буюмдар менен кооздолуп, ажайып жылуу жана ыңгайлуу башпаанек болуп берет.

9. УЛУТТУК АШКАНА

Көчмөн жашоодо кайталангыс кулинардык мурасты кыргыз эли калтырып кеткен. Кыргыздар үчүн эт сүйүктүү ингридиент катары гана саналбастан, ашканада да көп пайдаланышкан. Уй жана кой эти тоодо жана жайлоодо өндүрүлгөн. Дасторкон үстүндө эт өзгөчө орунду ээлейт. Улуттук тамак аштын негизин беш бармак түзүп аны беш манжа менен жэшкен. Бул тамакты даярдоодо кой этин курч бычак менен майдалап туурап, аны ундан жасалган кесме менен аралаштырып, анын үстүнө ачуу пияздын шорпосун куюп жэшкен. Качан гана сиздерге беш бармакты тартуулаганда кашык, вилканы унутуп, беш манжа менен жейсиздер. Манжалардын таасири менен беш бармактын өзгөчө бир даамын сезесиздер. Андан сырткары көчмөндөрдүн суусундугу болгон кымызды ичирет. Бардык каада-салттык тамактарда муздак закускалардын түрлөрү болот. Эреже боюнча эт жана колбаса деликатес катары тартылат.

10. ВИЗАСЫЗ РЕЖИМ

Кыргызстандан 40 тан ашуун өлкөгө : Армения, Азейбайджан, Беларусия, Грузия, Казахстан,Молдовия, Россия, Таджикистан, Вьетнам, Куба, Малайзия (30 күнгө чейин), Монголия (90 күнгө чейин), Турция (30 күнгө чейин), Украина (90 күнгө чейин), Өзбекистан (60 күнгө чейин) жана Япония өндүү өлкөлөр үчүн визасыз режим бар. Туризмди өнүктүрүү жана инвестицияны тартуу үчүн 2012-жылы Австралия, Австрия, Бахрейн, Бельгия, Босния жана Герзиговина, Брунея, Канада, Хорватия, Дания, Эстония, Финляндия, Франция, Германия, Улуу Британия, Греция, Венгрия, Исландия, Ирландия, Италия, Кувейта, Латвия, Лихтенштейн, Литвия, Люксембург, Мальтия , Монако, Нидерландия, Жаңы Зеландия, Норвегия, Польша, Португалия, Катар, Сауд Аравиясы, Сингапур, Словакия, Словения, Түштүк Корея, Испания, Швейцария, Швеция, Бириккен Араб Эмираты, Америка Кошмо Штаты жана Ватикан сыяктуу өлкөлөргө 60 күндүк визасыз режим жарыялаган. Ошону менен Кыргызстан көптөгөн коноктору үчүн эшигин ачып, кучак жая тосуп алат. Биздин өлкөгө келип, каада-салтыбыз, тарыхыбыз менен таанышып, меймандостугубузду көрүп, конок болуп кетиңиздер!

Кыргыз Республикасынын туристтик жайлары боюнча 3D панорамалык карта жана туристтик потенциалы боюнча видеороликтер менен таанышууну сунуштайбыз: 

1) 3D панорамалык карта - http://map.tourism.gov.kg/ 

2) Кыргызстандын туристтик потенциалы боюнча сүрөт жана видео материалдар - https://cloud.mail.ru/public/K1LD/obPKzw3DJ

https://cloud.mail.ru/public/wSWi/SRdLK5NrQ