Консулдук аймак тууралуу маалымат

Россия Федерациясынын Урал федералдык округу (УрФО) 2000-жылдын 13-майында түзүлгөн.

Географиясы: Округ Европа жана Азия субконтиненттеринин чек арасында жайгашкан. Аймактын жалпы аянты 1818,49 миң кв. километрди түзөт (Россия Федерациясынын аянтынын 10,62%). УрФО Казакстан Республикасы, Приволжский, Түндүк-Батыш жана Сибирь аймактары менен чектешет. Түндүктө деңиз чек аралары бар. Уралдын табияты түштүктө ийне жалбырактуу токойлордун, түндүгүндө тундранын басымдуу болушу менен мүнөздөлөт. Урал федералдык округундагы эң чоң дарыя - Обь. Аймактын батышында Урал тоолору жайгашкан.

Климаты: Уралдын климаты континенталдык, кышы узак жана суук, жайы орточо жылуу. Түштүк жана Орто Уралда кышында абанын температурасы -20, -30 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Түндүк аймактары арктикалык жана субарктикалык климат менен мүнөздөлөт, январдын орточо температурасы -30 градус жана июлдун орточо температурасы +8 градус.

Курамы: УрФОго Россия Федерациясынын 6 субъектиси кирет: 4 облус (Свердловск, Челябинск, Курган, Тюмень) жана 2 автономиялык аймактар (Ханты-Мансийск - Югра, Ямало-Ненецк). Урал федералдык округунун административдик борбору - Екатеринбург шаары.

Калкы: УрФОнун жалпы калкынын саны 2023-жылы 12 255 848 адамды түздү. (Россия Федерациясынын калкынын 8,3%), анын ичинде Свердлов облусунда – 4 239 311, Челябинск облусунда – 3 406 371, Тюмень облусунда – 1 607 274, Курган облусунда – 761 546, Ханты-Мансийск автономиялуу аймагында - Юграда – 1 729 472, Ямало - Ненец автономиялуу аймагында – 511 874 адам. Калктын жыштыгы 1 кв. километрге 6,76 адамды түзөт.

Аймактын калкынын 81,9% шаар тургундары. УрФОнун ири шаарлары: Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Магнитогорск, Сургут, Нижний Тагил, Курган, Нижневартовск, Каменск-Уральский, Златоуст. Урал федералдык округунда 120дан ашык улуттун өкүлдөрү жашайт, 40тан ашык диний конфессиялар бар, 1300дөн ашык диний бирикмелер каттоодон өткөн.

Жаратылыш ресурстары: УрФО кен байлыктарга бай Россиянын аймактарынын бири. Округдун көпчүлүк облустарында минералдык чийки заттардын кендери бар. Автономиялуу аймактарда газ жана нефть чыгарылат. Бул аймактарда Россия Федерациясынын мунай запастарынын 66% жана газ запастарынын 77% бар. Түштүктө күрөң көмүрдүн запастары кездешет.

Аймакта темир, титаномагнетит жана жез рудаларынын, түстүү, асыл жана сейрек металлдардын, торфтун, асбесттин, металл эмес курулуш материалдарынын, асыл жана жарым асыл таштардын олуттуу запастары бар.

Токойлуулугу боюнча аймак Россияда үчүнчү орунду ээлейт, анда өлкөнүн токойлорунун 10% жайгашкан. Урал аймагынын токойлору терилүү жана туяктуу жаныбарларга бай, аларда күрөң аюу жана суу канаттуулары жашайт.

Экономикасынын жана өнөр жайынын өзгөчөлүктөрү: Урал Европа менен Азиянын ортосунда жайгашкан, ошондуктан дүйнөнүн эки бөлүгүнүн ортосундагы соода жана жүк жүгүртүүнүн эң кыска жолу анын аймагы аркылуу өтөт. Округдун дүң өндүрүмүнүн көлөмү боюнча Россияда үчүнчү орунду ээлейт (жалпысынан 13%га жакын).

Аймактын өнөр жайынын 50%дан ашыгы нефть жана газ өнөр жайына туура келет. Негизги нефть жана газ өндүрүү ишканалары ЯНАО жана ХМАОдо жайгашкан. Нефть өнөр жайынан кийинки экинчи орунда металлургиялык өнөр жай турат (УрФО өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 20%), мында темир рудалары казылып, байытылат жана болот менен чоюн эритилет. Россия Федерациясынын даяр өндүрүмүнүн жалпы көлөмүнүн дээрлик жарымы Уралда чыгарылат. Аймактын кара металлургиясы өзүнүн кендерин гана эмес, ошондой эле алып келинүүчү рудаларды дагы пайдаланат. Кара металлургиянын ири заводдору Челябинскиде, Нижний Тагилде, Магнитогорскиде жайгашкан. Округда түстүү металлургия негизинен жез жана алюминий өндүрүшү менен көрсөтүлгөн.

УрФОдо транспорт, энергетика, айыл чарба жана башка тармактар үчүн станокторду жана жабдууларды чыгарган машина куруу ишканалары жайгашкан. Челябинск облусунда тракторлор, автомобилдер, жол куруу жана тоо-кен жабдуулары, приборлор жана станоктор, Свердлов облусунда энергетика, транспорт жана химиялык жабдуулар, Курган облусунда айыл чарба, химиялык, полиграфиялык машиналар чыгарылат. Округда аскердик-өнөр жай комплексинин ишканалары көп. Урал аймагынын химия өнөр жайы өзүнүн чийки зат базасында иштейт. Бул жерде азот жана фосфор жер семирткичтери, пластмассалар, синтетикалык чайырлар чыгарылат.

Аймактын электр энергетикасы Сургут ГРЭС-1 жана ГРЭС-2, Тюмень облусундагы Уренгой жана Нижневартовск ГРЭС, Свердлов облусунун Рефтинск ГРЭС, Среднеуральск, Серовск, Нижнетуринск ГРЭСтери, Челябинск облусундагы Южно-Уральск ГРЭС менен көрсөтүлгөн. Андан сырткары, Уралда кубаттуу тез нейтрондук реактору менен Белоярская атом электр станциясы иштейт.

Аймактын айыл чарба жерлерин негизинен жайыт жана чабындылар түзөт. Мындан тышкары, округ суу ресурстары менен камсыздалган, анда көптөгөн дарыялар жана көлдөр бар. Аймактын суу чарбаларында балыктын өндүрүмдүүлүгү жогору.

УрФОнун агроөнөр жай комплекси дан (жаздык буудай, кара буудай, сулу) жана мал чарба азыктары (сүт, эт, жүн) болуп саналат. Тюмень облусунун түндүк райондорунда бугу чарбасы жана тери чарбасы, ал эми Курган облусунун түштүк-чыгышында кой чарбасы өнүккөн. Тамак-аш өнөр жайын ун, сүт заводдору жана эт комбинаттары көрсөтөт.

Транспорт Урал федералдык округунун экономикалык комплексинин иштешинде чоң роль ойнойт. Округда темир жол транспорту басымдуулук кылат, ал ички аймактык жана транзиттик мааниге ээ. Округдун аймагынан Транссибирь темир жолу өтөт. УрФОдо Нижневартовск – Анжеро - Судженск - Иркутск, Сургут - Полоцк, Нижневартовск - Усть-Балык - Омск сыяктуу жалпыга белгилүү нефть өткөргүчтөр, Уренгой - Помары - Ужгород, Уренгой - Челябинск газ өткөргүчтөр башталат. Уралдын экспорттук структурасында негизги орунду мунай жана газ ээлейт, андан кийин металлургия, машина куруу, химия жана токой чарба комплекси; импорттун структурасына жеңил, тамак-аш өнөр жайынын өндүрүмдөрү, дары-дармектер, машиналар жана жабдуулар, рудалар жана концентраттар кирет.

Аймактын олуттуу токой ресурстары Урал федералдык округунун жыгач өнөр жай комплексин түзөт. Свердлов облусунда токой чарбасынын, жыгач иштетүүчү (Серов, Северуральск, Верхотурье) жана целлюлоза-кагаз өнөр жайынын (Новая Ляля) эң маанилүү борборлору жайгашкан. Жыгач материалдарын, ДСП, фанеранын, заводдо жасалган жыгач үйлөрдү, жылуулук - изоляцияны, жасалгалоочу жана башка материалдарды, жыгач буюмдарын, эмеректерди өндүрүү жолго коюлган. Жыгачты кайра иштетүү Тюмень, Салехард, Тобольск, Сургут, Нижневартовск шаарларында жүргүзүлөт.