Өлкө тууралуу маалымат

Кытай Эл Республикасы, Чыгыш Азиядагы мамлекет. Өлкөнүн ордосу - борбордук бийликке баш ийген Пекин шаары, бул кытайдын саясий, экономикалык, билим берүү, маданий жана тарыхый борбору болуп саналат. Пекин шаарында  жалпы калктын саны, анын үстүнө мыйзам чегинде 6 айдан ашык борбордо жашаган адамдардын санын кошкондо 23 млн. адамды тузөт.  

Кытай дүйнөдө эң көп калкы бар өлкөлөрдүн санына кирет, жарандарынын саны 1.38 миллиардан ашык. Анын ичинде 92 пайызды кытай улутунун - хан деген өкүлдөрү тузөт (дүйнө калкынын 19 пайызын ээлейт), калган 8 пайызды өлкөдө жашаган 55 майда этникалык топтордун өкүлдөрү тузөт.    

Кытай Эл Республикасы администрациялык-аймактык жактан 4 борборго баш ийген шаарга (Пекин, Шанхай, Тянцзин, Чунцин), 23 провинцияга, 5 автономиялык районго (Синцзян-Уйгур, Тибет, Гуанси-Чжуан, Нинся-Хуэй, Ички Монголия) бөлүнөт, ушунун баары «чоң Кытай материги» деп аталат, андан сырткары 2 өзгөчө администрациялык районго бөлүнөт (Сянгян, Аомэн) жана Тайван. 

 Кытай жер аянты боюнча Россия жана Канада мамлекеттеринен кийин турат, дуйнөдө үчүнчү орунду ээлейт. Кытай Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук Кенешинин туруктуу мүчөсү, космос жагынан алдынкы мамлектердин бири, ядролук курал-жарак жана дүйнөдө эң чон көлөмдүү аскери бар мамлекет болуп саналат.  

2010-жылы Кытай экономикасы номиналдык Ички Дүң Продукциясы боюнча Япониянын экономикасынан ашып өтүп, дүйнөдө экинчи орунду ээлеген. Ошону менен бирге 2014-жылдын декабрь айынан тартып өлкөдөгү ИДПнын жагынан дүйнөдө биринчи экономика деген наамга ээ болгон, мындан сырткары дүйнөлүк алтын резервтери жагынан өтө бай мамлекет.   

1949-жылы Кытай Эл Республикасы жарыяланган учурдан тартып, бийликти башкарып келген партия бул Кытай Коммунисттик партиясы (ККП). 1982-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын (Конституция) редакциясына ылайык, өлкө унитардык республика жана элдик демократия диктатурасы жогору турган социалистик мамлекет болуп саналат. 

2012-жылы Си Цзиньпин Кытай Коммунистик партиянын Борбордук комитетинин Генералдык секретары болуп шайланып, 2013-жылдын март айында КЭРнын Төрагасы болуп шайланган.

Өлкөнун жогорку аткаруу бийлиги - Мамлекеттик Кенеш (Борбордук элдик өкмөтү), анын мучөлөрү - Премьер-министр, орун басарлар, Ѳкмөттүн мучөлөрү, министрлер, төрагалар жана аткаруучу катчы. 2013-жылдын март айынан тартып Кытайдын Премьер-министри Ли Кэцян болуп саналат. 

Мамлекеттик бийликтин жогорку органы - Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык чогулушу (ЭӨБКЧ), анын мүчөлөрүнүн саны 2979 адамды түзөт, облустук элдик чогулушу тарабынан шайланышкан. 2018-жылдын март айынан тартып ЭӨБКЧнин Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу болуп саналат.