Маданий-гуманитардык кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен Афганистан Ислам Республикасы ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык алкагында Элчилик тарабынан 2017-2018 жылдары Бадахшан облусундагы Чоң жана Кичүү Памирде жашаган этникалык кыргыздарга тийиштуу жардам көрсөтүлөн. Тактап айтканда, 2017 жана 2018-жылдары Кыргыз Өкмөтү тарабынан этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди, ал эми Кыргызстанга 43 этникалык кыргыз жашоо жана билим берүү үчүн Нарын облусуна алып келинди.  2018-жылы Элчилик тарабынан Кыргызстанга 27 этникалык кыргыздарды жиберүү үчүн көмөк көрсөтүлдү.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Афганистан Ислам Республикасындагы элчилиги 2018-жылы Кыргызстанда болуп өткөн 3 Дүйнөлүк Көчмөн оюндарына катыштыруу максатында жергиликтүү спортсмендер, журналисттер жана чыгармачыл ишмерлердин командасы жиберүү үчүн жигердүү колдоо көрсөттү. Бул максатта элчилик тарабынан Афганистан командасын мүчөлөрүнө электрондук жана кадимки виза берилди. Кошумча Элчиликтин колдоосу жана демилгеси менен Дүйнөлүк Көчмөн оюндарын бүткүл дүйнөгө жана Афганистанда даңазалоо үчүн "Шамшад" телеканаланын эки кабарчысы аккредитацияланды.