Чет элдик маалымат каражаттарынын ишенимсиз маалыматы тууралуу

1884

Кыргыз Республикасынын Афганистандагы Элчилиги чет элдик маалымат каражаттарында “Аль-Каиданын” башчысы Айман ал-Завахири Кыргыз Республикасынын “Манас” эл аралык аэропортунда жайгашкан АКШнын Аскердик Күчтөрүнүн Ганси атындагы күч базасынан учурулган делген учкучсуз учуучу аппараттын соккусунан жок кылынды деген жалган маалыматка байланыштуу расмий түрдө төмөндөгүлөрдү билдирет.

“Манас” эл аралык аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борбору (ТЖТП “Манас”) 2014-жылы ишин токтоткон. Борбордун расмий жабылуу аземи 2014-жылдын 3-июнунда болуп өттү. 2014-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы “Манас” ТЖТПнын ишмердүүлүгү боюнча эки тараптуу келишим күчүн жоготту.

Азыркы учурда “Манас” аэропортунун аймагында америкалык же башка чет элдик аскер кызматкерлери жок жана эч кандай иш-аракеттерди жүргүзүшпөйт.

Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана жалган катары эсептелет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK