Консулдук каттоо

Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоого алуу (консулдук каттоо)

Кыргыз Республикасынын элчилиги Кыргызстандын жарандарына консулдук каттоодон өтүү зарыл экенин эскертет! Консулдук каттоонун негизги максаты АКШ жана Канада аймагында жашаган Кыргызстандын жарандарынын Конституциялык укуктарын сактоо (шайлоого катышуу), жана АКШ менен Канада өлкөлөрүндө алардын кызыкчылыктарын, укуктарын коргоо (документерин жоготуп алса, кайра жаңы документ алганга жардам берүү) ж.б.у.с.

Консулдук каттоого туруу үчүн элчиликтин дарегине төмөнкү документтерди жөнөтүү зарыл:

  1. Арыз  (шилтеме)
  2. Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту
  3. 2х2 дюйм (inches) түстүү сүрөт 
  4. Төмөнкү почта кызматтарынын арыз ээсинин кайтарым дареги жазылган, төлөнгөн жана сөзсүз түрдө треккинг-номери болгон бир конверт: USPS, UPS, Fedex! Элчилик марка менен жөнөтүлгөн конверттер үчүн жоопкерчилик тарта албайт.
  5. Консулдук акы төлөнбөйт.

 

Мындан тышкары Элчиликтин kgconsulate.washington@mfa.gov.kg электрондук дарегине төмөндөгү документтердин көчүрмөлөрүн жиберип консулдук каттоого турса болот:

  1. Арыз (шилтеме) 
  2. Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту
  3. 2х2 дюйм (inches) түстүү сүрөт 
  4. Консулдук акы төлөнбөйт.