Дипломатиялык миссиянын башчысы
АМАНБАЕВ БАКТЫБЕК АБДИЛАШИМОВИЧ
Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы
Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
Туулган жылы: 11-май 1969-жыл
Билими:
- 1996 - Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган;
- 2010 - КГНУнун аспирантурасын саясат таануу адистиги боюнча бүтүргөн;
- 1998 - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Бишкек эл аралык бизнес жана менеджмент мектебин "Бизнес башкаруу магистри" адистиги боюнча аяктаган;
- 2010 - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын аяктаган;
- 2012 - Кеннеси университетинде (АКШ, Джорджия штаты) окуган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
- 2021-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен, Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган;
- 2020 - 2021 - министр рангындагы Өкмөттүн Аппарат жетекчиси;
- 2013-2015 - Кыргызстандын Акыйкатчысы;
- 2011-2012 - Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси;
- 2010-2010 - Ош шаарынын вице-мэри;
- 2005-2008 - КМУУнун саясий илимдер боюнча ага окутуучусу;
- 2005-2007 - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокомпаниясынын (КТРК) Жарнама жана соода агенттигинин директору;
- 2000-2007 - Прагадагы "Азаттык" радиосунун штабында кабарчы;
- 2000-2004 - Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын биринин улук консультанты.