Өлкө тууралуу маалымат

АКШ - мамлекетинин аянты боюнча дүйнөдө 4-орунду, ал эми калкынын саны боюнча 3-орунду ээлейт. Түндүгүнөн Канада, түштүгүнөн Мексика менен чектешет, ошондой эле Россия менен деңиз чек арасына ээ.

АКШ түзүлүүнүн федеративдик формасына, ошондой эле административдик жактан 50 штатка жана Колумбия федералдык округуна ээ; алардын карамагында бир нече арал аймактары да бар (Пуэрто-Рико, Виргин аралдары, Гуам ж.б.). Борбору - Вашингтон шаары, Колумбия округу.

АКШ - президенттик республика. Ошону менен бирге, Кошмо Штаттарында эки партиялуу система түзүлгөн, бийликтеги эки партия бири-бирин алмаштырып турат: 1828-жылы түзүлгөн Демократиялык, жана 1854-жылы түзүлгөн Республикалык.

Мамлекет жана Өкмөт башчысынын функцияларын, аткаруучу бийликке толук ээ болгон жана бир мезгилде куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы жана өзүнүн партиясынын лидери болуп саналган, Президент ишке ашырат. Президент Вице-президент менен бир мезгилде, 4 жылга шайланат (бирок 2 мөөнөттөн ашык эмес) 2021-жылдын 20-январынан тартып Президенттин кызмат ордун Джо Байден, ал эми Вице-президент кызматын Камала Харрис (демократтар) ээлейт.

Өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруу органы - АКШнын Конгресси. Эки палатадан турат: Сенат (100 орун) жана Өкүлдөр палатасы (435 орун). АКШнын Өкүлдөр палатасынын Спикери - Нэнси Пелоси. Сенатты АКШнын Вице-президенти К.Харрис жетектейт.

Соттук системанын жогорку органы болуп конституциялык көзөмөл жана мыйзамды чечмелөө укугуна ээ, АКШнын Жогорку соту эсептелет. Президент тарабынан өмүр бою шайланып, Сенат тарабынан бекитилген 9 мүчөдөн турат.

Экономикалык планда Кошмо Штаттары - өнүккөн өлкө, экономикасы ИДПнын көлөмү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Өлкөнүн экономикасы дүйнөлүк ИДПнын төрттөн бирине жакынын түзөт жана глобалдуу аскер чыгымдарынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1991-жылдын 27-декабрында орнотулган. АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган биринчи өлкөлөрдүн катарында болгон. Кыргызстандын АКШдагы Элчилиги 1992-жылы ачылган. Ушул эле жылы АКШнын Кыргызстанда Элчилигинин ачылышы болгон. Ал Кыргыз Республикасындагы жана Борбордук Азиядагы алгачкы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн бири болгон.

Канада - мамлекетинин аянты боюнча дүйнөдө 2-орунду ээлейт.  Түштүгүнөн жана батышынан АКШ менен чектешет. Борбору - Оттава. Англис жана француз тилдери  федералдык деңгээлде расмий  болуп таанылган.

Канада – федеративдүү мамлекет, ал он провинциядан жана үч аймактан турат. Парламенттик башкаруу системасы менен конституциялык монархия (Британия Улуттар шериктештиги монархы башында турган) болуп эсептелет. Британия монархынын Канададагы расмий өкүлү болуп генерал-губернатор эсептелет, ал премьер-министрдин сунушу менен монарх тарабынан дайындалат. Учурдагы Канаданын генерал-губернатору Мэри Саймон кызматка 2021-жылдын 26-июлунда киришкен.

Мыйзам чыгаруу бийлиги Парламент тарабынан көрсөтүлөт, анын ичине Британия монархы (ал жок болгон учурда – Канаданын генерал-губернатору), Сенат жана Жамааттар палатасы кирет. Сенаторлор шайланбайт, алар генерал-губернатор тарабынан дайындалат. Эки палатанын тең мүчөлөрүнүн саны туруктуу эмес, ал калкты ар бир каттаган сайын кайра каралат. Учурда Сенат - 105, Жамааттар палатасы -  338 мүчөдөн турат.

Премьер-министр кызмат ордуна жалпы шайлоодо Парламенттин - Жамааттар палатасынын төмөнкү палатасында көпчүлүк орундарды ээлеген (Кабинет башчысы) партиянын лидери дайындалат. Джастин Трюдо 2015-жылдын 4-ноябрынан тартып Канаданын Премьер-министри болуп эсептелет.

Кыргызстан менен Канаданын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 17-февралында орнотулган. Кыргызстан Канадада Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канадагы Элчилиги АКШнын Вашингтон шаарында жайгашкан резиденциясы менен көрсөтүлөт. Ал эми Канаданын Кыргызстандагы Элчилиги Астана шаарында жайгашкан резиденциясы менен көрсөтүлөт.