АКШда Кыргызстандын туристик мүмкүнчүлүктөрүн даңазалаган иш чара өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Вашингтондогу элчилигинин имааратында 26-мартта «Нооруз» майрамын белгилөөгө арналган иш чара өткөрүлдү. Иш чара Кыргызстандын туристтик понтенциалын даңазалоо максатында “Thins to do” америкалык уюму менен биргелешип уюштурулду.
Жыйында Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канадагы Толук ыйгарым укуктуу элчиси Бакыт Аманбаев сөз сүйлөп, америкалык атуулдарды «Нооруз» майрамынын маңызы, мааниси менен тааныштырып, аларга кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрү, тарыхы, каада салты ошондой эле кыргыз мамлекеттүүлүгү тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып берди.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн фотокөргөзмө уюштурулду, ошондой эле атайын видеотасма көрсөтүлүп, кыргыз ашканасынын салттуу тамактары тартууланды. Бакыт Шатенов, Бермет Орозбекова сыяктуу таланттуу ырчылар элдик ырларды аткарып, кыргыз бийчилери улуттук бийлерди бийлешти.