Америка Кошмо Штаттарындагы Филадельфия шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган спорттук фестиваль болуп өттү

4650

2018-жылдын 13-14-октябрында АКШнын Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарында, кыргыз диаспорасы тарабынан уюштурулган спорттук фестиваль болуп өттү. Аталган иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган.

Аталган спорттук иш-чаранын алкагында 10дон ашык штаттардан келген кыргызстандыктар футбол, волейбол, стол тенниси, Алыш, Ордо, 100 метрге чуркоо жана армреслинг сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча ар кандай спорттук мелдештерге катышты.

Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчиси Кадыр Токтогулов фестивалдын ачылыш аземинде жогорку деңгээлдеги бул иш-чараны өткөрүү боюнча жумшалган аракеттери үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, «аталган спорттук фестивалды уюштуруу жана өткөрүү, албетте Америка Кошмо Штаттарында жашаган кыргызстандыктардын биримдигин жана ынтымагын ырастайт деп белгиледи».

Спорттук феститвалдын аягында салтанаттуу кечки тамак уюштурулду. Анын жүрүшүндө спорттук турнирдин жеңүүчүлөрүн сыйлыктар жана ыраазычылык баракчалары менен сыйлоо аземи болуп өттү.

Аталган кеңири масштабдагы спорттук иш-чара кыргызстандыктардын биргелешкен күч-аракети менен АКШнын ар кайсы шаарларында туруктуу негизде өткөрүлүп жатканын жана ал АКШда жашаган мекендештердин ортосундагы достукту бекемдөөгө жана байланышты колдоого багытталганын белгилеп кетүү зарыл.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK