Саясий кызматташтык

Эки мамлекеттин, Кыргыз Республикасы менен Казахстан Республикасынын, эл аралык саясат маселелеринин кенен аймагы боюнча позициялары бири-бирине шайкеш келет же жакын десек болот. Кыргызстан менен Казахстан БУУнун, ЕККУнун, КМШнын, ЖККУнун, ЕЭБдин жана ШКУнун алкагында тыгыз кызматташып келет.

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Казахстан Кыргызстанга биринчилерден болуп Казахстан Парламентинин Мажилисинин Төрагасынын орун басары – ЕККУнун атайын элчиси Ж.Карибжановду жиберген.

Андан кийин Кыргыз Республикасына ЕККУнун Төрагасы, Мамлекеттик катчы -   Казахстандын Тышкы иштер министри К.Саудабаев, РКнын Премьер-министринин Биринчи орун басары Н.Абыкаев жана башка жактар келип кеткен.

Ошол эле жылы Казахстан Республикасына Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаева, КРдин Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын Биринчи орун басары А.Атамбаев, КРдин Финансы министри Ч.Имашев жана башкалар барып келген.

Кыргыз-казах саясый байланыштар 2001-жылы бардык деңгээлде жигердүү колдоого алынып турган. Казахстанга Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаева, КРдин Премьер-министри А.Атамбаев, КР Жогорку Кенешинин Төрагасы А.Келдибеков, КРдин Биринчи вице-премьер-министри О.Бабанов, КРдин түрдүү министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери визит менен барып келишти.  Казахстан Республикасынын Премьер-министри К.Масимов Кыргызстанда жумушчу визит менен болуп, анын алкагында кыргыз-казах Өкмөттөр аралык кеңештин 2-отуруму өткөрүлгөн. 2012-жыл эки тарап үчүн абдан жемиштүү жылдардан болду. Казахстан Республикасына Кыргыз Респуликасынын Президенти А.Атамбаев (10-11-май) жана Премьер-министр Ө.Бабанов (1-2-июль) расмий визит менен барган.  Астанада Өкмөт башчыларынын катышуусу менен Кыргыз-казах Өкмөттөр аралык кеңешинин үчүнчү отуруму өткөрүлгөн. Белгиленген визиттердин жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, гуманитардык жана башка чөйрөсүнүн, эл аралык уюмдардын жана эки форумдардын алкагындагы эки өлкөнүн аракетиндеги өз ара аракеттеринин жана координациясынын актуалдуу маселелери талкууланган.

Кыргызстандын жарандарынын Казахстандын аймагында жана Казахстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагында жүрүүсүнүн шарттары жөнүндө Өкмөттөр аралык Макулдашууларга кол коюлган, анда кайра каттоодон өтпөстөн 90 күн мөөнөтүнө болуу режими, ошондой эле кызматташтык жөнүндөгү аймактар аралык жана эки мамлекеттин Ош менен Караганда, Чүй менен Түштүк-Казахстан, Талас менен Жамбыл областарынын туугандык мамилелерин белгилөө жөнүндө белгиленген.

2012-жылдын 22-августунда кыргыз-казак мамилесинин тарыхында биринчи жолу Казахстан Республикасынын Президенти Н.Назарбаев Кыргызстанга мамлекеттик визит жасаган, бул визит эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орношунун жыйырма жылдыгына арналып өткөрүлгөн.

Бишкекте президенттер Кыргыз Республикасы менен Казахтан Республикасынын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүктү жана биргелешкен мамилелерди тереңдетүү жөнүндө Юбилейлик декларацияга кол коюшкан.

Мамлекет башчыларынын төрагалыгы астында КР-РК (ВМГС) Мамлекеттер аралык Башкы кеңештин кезектеги 3-отуруму өткөн.  ВМГСтин чечими менен КР жана РК Парламенттер аралык кеңешти түзүү жактырылган жана 2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасы менен Казахстан Республикасынын ортосунда кызматташуу боюнча Иш-чаралар планы бекитилген.

Визиттин алкагында дагы төмөнкү документтерге кол колган: КР жана РК Өкмөттөрүнүн ортосундагы  РК жана КР радио кызмат көрсөтүүлөрү тарабынан колдонулуучу  30-2000 МГц радио жыштыгынын сызыгында  радио жыштык ыйгарымдарын координациялоо жөнүндө Макулдашуу; КР Өкмөтүнүн жана  РК Өкмөтүнүн ортосунда  2007-жылдын 11-июлундагы Кыргыз-Казахстан инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол; КР Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат менен РК ИИМинин ортосунда Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракетте кызматташуу жөнүндө Макулдашуу; КР ИИМи менен РК ИИМинин ортосунда 2012-2013-жылдарга кызматташуу программасы.

2013-жылы бардык деңгээлдеги байланыштар жигердүү колдоого алынып турган. КР Президенти А.Атамбаев (11-апрель жана 29-май), Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев (25-сентябрь) Казахстанга жумушчу визит менен барып келишкен. КРдин Тышкы иштер министри Э.Абдылдаев РКга расмий визит (12-апрель) менен барган.

РК Президенти Н.Назарбаев ЖККУнун (28-май) жана ШКУнун (13-сентябрь) саммитине катышуу алкагында эки жолу Бишкекте болгон.

РКнын Премьер-министри С.Ахметовдун КРга жасаган расмий визитинин жүрүшүндө жана 2013-жылдын 1-ноябрында өткөн кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отурумунда эки тараптуу кызматташуу маселесинин кенен аймагы каралган.

2014-жылдын 7-ноябрында Астана шаарында Казахстан Республикасына болгон мамлекеттик визиттин алкагында КР Президенти А.Атамбаев менен РК Президенти Н.Назарбаевдин сүйлөшүүлөр жүргөн, анын жүрүшүндө эки өлкөнүн башчылары өлкөлөр ортосундагы өз-ара аракеттердин жогорку деңгээлин белгилөө менен, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Ошондой эле 2014-жылы КР Премьер-министринин РКга 3 жолу жумушчу визити, КР ТИМи менен РК ТИМинин жолугушуулары, ТИМдер аралык консультациялар жүргөн.

2015-жылы 6-июлда Астанада жана 12-августта Чолпон-Атада көп жактуу форматтын иш-чарасынын алкагында КР жана РК мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу болуп өткөн.

2015-жылдын 11-сентябрында КР Президенти А.Атамбаев Астана шаарында ССТГнын 5-отурумуна катышкан. 2015-жылын октябрында КР Президенти А.Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн жана Бурабай курорттук зонасындагы Башкы Европалык Кеңештин башчыларынын отурумуна катышкан.

2015-жылдын 28-29-майында КР Премьер-министри Т.Сариев КМШ Өкмөт башчыларынын кеӊешинин (ӨБКсынын) жана Бурабай айылындагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумуна катышуу үчүн жумушчу визит менен барган.

2015-жылдын 19-20-июлунда РК Премьер-министри К.Масимов КРга жумушчу визит менен (Чолпон-Ата шаары) келген.

2016-жылдын 25-майында Астанада келечектеги жогорку жана бийик деңгээлдердеги өз ара визиттердин мазмундук бөлүгүн даярдоого арналган  кыргыз-казах ТИМдер аралык консультациялар болгон.

2016-жылдын 31-майында КР Президенти А.Атамбаев Астана шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышкан.

2016-жылдын 7-июнунда Бишкекте КРдин Премьер-министри С.Жээнбековдун жана РК Премьер-министри К.Масимовдун катышуусунда МПС отурумунун сүйлөшүүлөрүнүн биринчи раунду болгон.

2017-жылдын 6-7-мартында РКнын Премьер-министри Б.Сагинтаев Бишкек шаарындагы Евразия Өкмөттөр аралык кеңештин отурумуна катышкан, анын алкагында КРдин Премьер-министри менен эки тараптуу жолугушуу болгон.

2017-жылдын 14-апрелинде РКнын Презиенти Н.Назарбаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеӊештин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын формалдуу эмес жолугушуусуна катышуу үчүн Бишкек шаарына жумушчу визит менен келген.

2017-жылы 21-22-апрелде КРдин тышкы иштер министри Э.Абдылдаев ШКУнун Тышкы иштер министрлигинин кеӊешинин отурумуна катышкан.

2017-жылдын 8-10-июнунда КРдин Президенти А.Атамбаев Казахстанга жумушчу визит менен барган. 9-июнда КР Президенти А.Атамбаев ШКУ мамлекеттеринин башчысынын Кеңешинин отурумуна жана «ЭКСПО-2017» көрсөтмөсүнүн салтанаттуу ачылыш аземине катышкан.

2017-жылдын августунда КРдин Премьер-министри  С.Жээнбеков ӨБК ЭАЕБдин отурумуна катышуунун алкагында Астана шаарына жумушчу визити менен барган.

КРдин Президенти С.Жээнбековдун Казахстан Республикасына 2017-жылдын 25-26-декабрында болгон расмий визити эки тараптуу кыргыз-казак мамилелеринин түп тамырынан жакшырышы үчүн бекем негизди орнотту.

Бул визиттин натыйжасы катары эки мамлекеттин Башчыларынын ортосундагы жеке байланыштарды жана мамилелерди гана бекемдөө болбостон, КР Пезиденти С.Жээнбековдун жана РК Президенти Н.Назарбаевдин кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндөгү Келишимге жана эки мамлекеттин Башчыларынын өз ара билдирүүлөрүнө, Иш-чаралар планына кол коюусу болду. Ошондой эле КРдин жана РКнын чек ара кызматтарынын жетекчилери Кыргыз-казак мамлекеттик чек аранын режими жөнүндөгү Макулдашууга кол коюшту.

2018-жылдын 15-мартында КР Президенти С.Жээнбеков Астана шаарындагы Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышты. Бул иш-чаранын жүрүшүндө С.Жээнбеков РК Президенти Н.Назарбаев жана РК Премьер-министри Б.Сагинтаев менен жолугушуусу болуп өттү. 2018-жылдын 17-18-майында Астанадагы эл аралык экономикалык форумдун ишинде КР Вице-премьер министри З.Аскаров катышты.

2018-жылдын 1-июнунда Душанбе шаарында КМШнын Өкмөт башчыларынын кеӊешинин (ӨБК) ишинин алкагында КР Премьер-министри М.Абылгазиевдин РК Премьер-министри Б.Сагиналиев менен жолугушуусу болду.

2018-жылдын 6-июлунда КР Президенти С.Жээнбеков Казахстан Республикасынын борборунун 20 жылдыгына арналган иш-чарага катышуу үчүн Астана шаарына барган.  Мамлекет башчысы Казахстандын Президенти Назарбаев, Өзбекстан Президенти Ш.Мирзиёев жана Тажикстан Президенти Э.Рахмонов менен биргеликте 5-июлда «Астана» (МФЦА) Эл аралык финансы борборунун расмий ачылыш аземине катышкан.

2018-жылдын 20-22июлунда Чолпон-Атада Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Тышкы Иштер министрлеринин отуруму болуп өттү, анын алкагында КР тышкы иштер министри Э.Абдылдаев РК Тышкы иштер министри К.Абдрахманов менен эки тараптуу жолугушуу өткөргөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн сырткы саясий ведомстволорунун башчылары кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде транспорт жана коммуникация, соода-сатык – экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы маселелерди, келечектеги жолугушуулардын жана жогорку жана бийик деңгээлдердеги визиттердин календардык пландарын талкууга алышкан. Кр жана РКнын ортосундагы чек арадагы өткөрүү пункттарынын иштери, КР жана РК жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо  боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулган.

2018-жылдын 16-17-августунда КР Премьер-министри М.Абылгазиев  Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык Кеңештин 7-отурумуна катышуу үчүн Астанага жумушчу визит менен барган.

РКнын Премьер-министри Б. Сагинтаев менен болгон эки тараптуу жолугушууда М.Абылгазиев Казахстан Республикасы менен стратегиялык мамилелерди бекемдөө Кыргыз Республикасынын тышкы саясатындагы алгылыктуу багыттардын бири экендигин баса белгилеген.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңештин 7-отурумунун Протоколуна кол коюшкан. Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казахстан Республикасынын Өкмөтү ортосундагы 2003-жылдын 29-декабрындагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколго кол коюлган.

Ошондой эле, отурумдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Респуликасынын экономика министрлигинин жана Казахстан Республикасынын Экономика министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Макулдашуу эки өлкө ортосундагы экономикалык өз ара аракеттердин бардык  актуалдуу маселелерин чагылдырат жана өз ара товар жүгүртүүнүн өсүү фактысы белгиленген.

 

2018-жылдын 2-сентябрында КР Президенти С.Жээнбеков 2018-жылы 3-сентябрында Чолпон-Атада болуп өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу Кеңешинин мүчө-өлкөлөрүнүн Саммитинин отурумуна катышуу үчүн Кыргызстанга келген РК Президенти Н.Назарбаев менен жолугушкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө С.Жээнбеков тарыхый салттарга жана бири-бирине богон сый-урматка негизделген кыргыз-казак мамилелери бир тууган эки өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн мындан ары да өнүгүп, мындан ары да бекемдей берерин баса белгилеген.

2018-жылдын 2-сентябрында РК Президенти Н.Назарбаев Чолон-Ата болуп өткөн Бүткүл Дүйнөлүк үчүнчү оюндун ачылыш аземине ардактуу мейман катары катышкан.

2018-жылдын 3-сентябрында Чолпон-Атада Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуусунун Кеңешинин (ТТМКК) IV саммитинин мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын отуруму болуп өткөн.  Саммиттин ишине

РК Президент Сооронбай Жээнбеков, Азербайджандын Президенти Ильхам Алиев, Казахстандын Президенти Нурсултан Назарбаева, Турциянын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган катышкан. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан ардактуу мейман катары катышкан. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине төрагалык кылуу Казахстандан кыргызстанга өткөн.

2018-жылдын 27-октябрында Астана Казахстанга болгон визиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарековдун Казахстан Республикасынын Тышкы иштер министри К.Абдрахманов менен жолугушуусу болгон. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак мамилелерин мындан ары да жигердештирүүнүн актуалдуу маселелерин караган.

2018-жылдын 1-ноябрында КР Премьер-министри М.Абылгазиев Астана шаарында болуп өткөн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышкан.

КМШ ӨБКнын отурумунун алкагында Премьер министр РК Президенти Н.Назарбаевдин КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен болгон жолугушуусуна катышкан, анын жүрүшүндө Н.Назарбаев катышуучулардын ишине ийгилик жана отурумдун жыйынтыгы боюнча КМШ өлкөлөрүнүн өз-ара аракеттерин жакшыртууга багытталган чечимдерди кабыл алышын каалап өткөн.

2018-жылдын 8-ноябрында КР Президенти С.Жээнбеков   жамааттык коопсуздук кеңешинин ЖККУсунун Саммитине катышуунун алкагында жумушчу визит менен барган. ЖККУ Мамлекет башчыларынын жолугушуусунун жүрүшүндө  аймактагы маселелер талкууланган, анын ичинде террористтик топтордун тарабында согушкан куралдуу чыр-чатактардын катышуучуларына каршы жалпы чаралар дагы талкууга алынган. ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Жамааттык коопсуздук Кеңешинин Декларациясы кабыл алынган.

Бул этапта кыргыз-казак мамилелери тездеп өсүп, Бишкек менен Астананын ортосунда жигерүү саясий-экономикалык диалог кармалып турат. Кыргызстан жана Казахстан биримдик мамилелерин жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө максат койгон.