Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого пресс-релиз

4068

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо күнү 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

 

Сиздердин шайлоо укуктарыңызды ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы башкы консулдугунда  (№ 9027 УШК) шайлоо участогу бекитилди.

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодо турган жарандар тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

 

Консулдук каттоодо турбаган жана биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган шайлоочулар, Башкы консулдуктун дарегине иш күндөрүндө саат 9:00 – 18:00 чейин добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укугу бар. Бул иш чараны 2021-жылдын 15-ноябрына чейин аткаруу зарыл.

 

Каттоодон өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту жана сүрөт (3*4 см. - 2 шт.) жаныӊызда болушу керек.

 

Каттоого тургандыгы үчүн консулдук жыйым алынбайт.

 

Ошондой эле шайлоочулардын алдын ала тизмеси Башкы консулдуктун кабыл алуу бөлүмүндө жайгаштырылган, жана ошондой эле өзүӊүздү алдын ала тизмесинен текшерүү үчүн кийинки шилтеге өтсөӊүз болот tizme.gov.kg.

 

Эгер кандай бир ката, так эместик табылса же шайлоочу өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, 2021-жылдын 12-ноябрына чейин Башкы консулдукка арыз менен кайрылусуу зарыл. Шайлоо участогунда, бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

 

Добуш берүүгө 7 күн калганда шайлоо участогунда акыркы тизме илинет.

 

Башкы консулдуктун дареги: Алматы шаары, Луганского 30 «А» көчөсү.

 

Эскертүү: Шайлоочулардын тизмесине кирбеген жарандар шайлоого катыша албайт!

 

Сурап билүү телефондору: +7 7272642212, +7 777 027 55 96, +7 777 815 0072

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK