Аба ырайынын бузулушуна байланыштуу эскертүү

298

Башкы консулдук, алыскы сапарга бара жаткан унаа айдоочуларга кыш мезгилинде коопсуздук чараларын алдын ала кармануу зарылчылыгына көңүл бурат:

  • автоунааны күйүүчү май менен толтуруп, 10-15 литрлик көлөмдөгү күйүүчү майды темир канистрге камдап алыңыз;
  • автокубаттоочу жабдыктарды, «сүргүчтөрдүн», жылытуу системаларынын өз нугунда иштеп жаткандыгын текшерүү жана терезе жуугучка суукта тоңбогон суюктукту куюу;
  • запастык дөңгөлөктүн, домкраттын, сүйрөөчү аркандын, авариялык токтотуунун белгисинин жана чагылдыруучу жилеттин бар экендигин текшерүү;
  • жылуу кийимдерди, суусундуктарды жана тамак-ашты өз жаныңызда кармаңыз;
  • уюлдук телефонду кубаттоочу жабдык жаныңызда болсун.

Кар күрткүсүндө жана калың жааган кар учурунда жол кырсыгынан сактануу үчүн, Башкы консулдук айдоочуларга минималдуу ылдамдыкты кармап, алдыдагы транспортко чейинки аралыкты кенен алууну, ошондой эле рулда өтө этият болууну сунуштайт.

Кар көчкүдөн улам жер жол жүрүү кыйын болгон учурда, Башкы консулдук айдоочуларга алдыдагы жол жүрүүнү токтотууну жана калктуу пункттарда, кафе жана май куюучу жайлардын жанында токтоону сунуштайт. Ошону менен бирге, жеке менчик транспорт ээлерине, өзгөчө алыскы аралыкка баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайбыз.

Кар күрткү учурунда, жолдун көрүнүүсү начар мезгилде айдоочулар автотранспортто бара жатканда чукул маневр жасоодон оолак болуп, ылдамдык режимин жана керектүү аралыкты сакташы керек. Жол көк тайгак учурунда жолдун үстүнкү катмары дөңгөлөк менен байланышынын азайышын эске алыңыз.

Ошону менен бирге, абанын температурасынын төмөндөшү автотранспорттун кыймылдоочу системасынын тоңуп калуу коркунучуна алып келерин билдиребиз. Ошондуктан, уюлдук байланыш операторлорунун смс билдирүүлөрү аркылуу келген жүргүнчү рейстик автобустар жана автоунаалар үчүн киргизилген бир катар облустарда кыймылдын убактылуу чектөөлөрү жөнүндө билдирүүнүн көзөмөлдөөнү сунуштайбыз.

Кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жаралса, Элчиликтин күнү-түнү иштеген ыкчам линиясы +7 771 354 74 61 телефону аркылуу байланышууга мүмкүндүгүн маалымдайбыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK