Саясий кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1991-жылдын 24-декабрында түзүлгөн. Түркия Республикасы Кыргыз Республикасынын көзкарандысыздыгын биринчи болуп тааныган жана 2021-жылдын 23-декабрында дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы белгиленди. 1992-жылы апрелде Бишкек шаарында ТРнын Элчилиги, 1992-жылы октябрда Анкара шаарында КРнын Элчилиги ачылган. 1994-жылы апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун түзүү жөнүндө Токтом кабыл алган.

2021-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич «Кыргыз Республикасынын Анталья шаарында Башкы консулдугун түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелер жалпы тарых, маданият, тил, дин, өз ара урматтоо жана саясий, соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык чөйрөлөрдө тыгыз кызматташтыкты кеңейтүү каалоосунда өнүгүп келе жатат. Эки тараптуу кызматташтыктын принциптери эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдеринен жана улуттук кызыкчылыктардан, ошондой эле теңдик жана достук мамилелерден келип чыгат.

Эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин ички мазмуунун жана рухун чагылдырган негизги документтер: 1997-жылдын 24-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук жүнүндө Келишим (Жүктөө.) жана 1999-жылдын 1-июлундагы "Кыргызстан жана Түркия: ХХI кылымга бирге" Биргелешкен билдирүүсү (Жүктөө) жана 2011-жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташуу боюнча Жогорку Кеңешти түзүү боюнча билдирүү (Жүктөө..).КР менен ТРнын ортосундагы кызматташтык стратегиялык статуска ээ, ал КР менен ТРнын ортосундагы Стратегиялык кызматташуу боюнча Жогорку Кеңеш (СКЖК) түрүндө бекитилген.

Эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүүдөн бери үзгүлтүксүз түрдө саясий диалог жүргүзүлүп келе жатат, тараптар туруктуу негизде ар түрдүү деңгээлдеги делегациялар менен алмашуу жүргүзүп келүүдө.

     2019-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Өмүралиев Түркиянын Президенти Р.Эрдоганга Ишеним грамотасын тапшырды.

       Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери саясий диалог тынымсыз жүргүзүлүп, эгемендүүлүк жылдарында жогорку деңгээлде бир катар өз ара жолугушуулар жана иш сапарлар ишке ашырылды. 2018-жылдын сентябрь айында президент Эрдоган Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип, анын алкагында Кыргыз Республикасы менен ТР ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин 4-жыйыны болуп өттү. Ошондой эле, президент Эрдоган Түрк кеңешинин мамлекет башчыларынын 6-саммитине жана Ысык-Көлдүн жээгинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

      2016-жылдын 16-июлундагы төңкөрүш аракетинен кийин Кыргыз Республикасы биринчилерден болуп Түркия Республикасынын бийлигине колдоо көрсөткөн. Кыргызстан Түркиянын мыйзамдуу шайланган мамлекеттик органдарын колдой тургандыгын билдирип, демократиялык жана эркин шайлоолордо шайланган лидерликти кулатуу үчүн аскер күчүн колдонууну кароого болбойт. Кыргыз Республикасы, Түркия Республикасындагы мыйзамдуу шайланган мамлекеттик бийлик органдарын колдоп, демократиялык жана эркин шайлоонун негизинде шайланган жетекчиликти кулатуу үчүн аскер күчүн колдонуу кабыл алынгыс көрүнүш экендигин билдирген.

Садыр Жапаров 2021-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайлангандан кийин президент Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу байланыш түзүлүп, анын жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары коронавирустук пандемияга жана анын кесепеттерине каршы биргелешип күрөшүү жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашып, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы жана Түркиянын Жеңиш күнү менен өз ара куттукташты. .

Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаровдун Түркияга расмий сапарынын алдында 2019-жылдын 7-майында Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 3-жыйыны,  22 ноябрында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйыны ал эми 2020-жылдын 22-майында жана эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы эки тараптуу саясий консультациялар болуп өттү.

Бул жылдын эки тараптуу кыргыз-түрк мамилелериндеги эң негизги окуя президент Жапаровдун 2021-жылдын 9-10-июнунда Түркияга болгон расмий сапары болду. Сапардын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңешинин 5-жыйыны өттү.

2021-жылдын 10-сентябрында Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйыны жана анын алкагында кыргыз-түрк бизнес форуму болуп өттү.

2020-жылдын 8-11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Түркияга жана ТР Тышкы иштер министри М.Чавушоглунун 2021-жылдын 10-мартында Кыргызстанга болгон өз ара сапарлары Кыргыз-түрк мамилелеринин учурдагы күн тартибиндеги көптөгөн маселелер боюнча кандайдыр бир деңгээлде кызматташтык жана кыска, орто жана узак мөөнөткө өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын аныктоого мүмкүндүк берди.

2021-жылдын апрель айынын аягында Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш Баткен районунда болгон кайгылуу окуяга байланыштуу боордош Түркия гуманитардык жардам көрсөтүп, Баткен аймагыдагы турак жайларды жана социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Көп тараптуу кызматташтыктын алкагында Түрк  мамлекеттер уюму  (ТМУ) менен кызматташуу маанилүү форматтардын бири болуп саналат. 2021-жылдын 12-ноябрында Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров  Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Венгриянын мамлекет башчылары менен катар Түрк мамлекеттер уюмунун 8-саммитине катышты.